Жеремия 36:1-32 KYB2004 - Bible AI

1Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылында Жеремияга Теңирден мындай сөз болду:

2«Өзүңө түрмөк китеп ал, ага Мен сага сүйлөй баштаган күндөн тартып, Жошиянын күндөрүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Менин Ысрайыл жөнүндөгү, Жүйүт жөнүндөгү, бардык элдер жөнүндөгү айткан сөздөрүмдүн бардыгын жаз.

3Балким, Жүйүт Менин аларга жасайм деп ойлогон бардык алааматтарым жөнүндө угуп, өзүнүн жаман жолунан бурулар. Ошондо Мен алардын айыбы менен күнөөсүн кечирем».

4Ошондо Жеремия Нейриянын уулу Барухту чакырды, Барух Теңирдин Жеремияга айткан сөздөрүнүн бардыгын Жеремиянын өз оозунан түрмөк китепке жазды.

5Анан Жеремия Барухка мындай деп буйрук берди: «Мен камактамын, Теңир үйүнө бара албайм.

6Ошондуктан сен барып, түрмөк китепке менин оозумдан жазып алган Теңирдин сөздөрүн орозо күнү, Теңир үйүндө элге угуза окуп бер. Ошондой эле аны өз шаарларынан келген бүт жүйүт элине угуза окуп бер.

7Балким, алар Теңирдин алдында моюн сунуу менен сыйынып, өздөрүнүн жаман жолунан бурулушар, анткени Теңирдин бул элге каршы жар салып айткан каары менен жаалы өтө катуу».

8Нейрия уулу Барух түрмөк китепте жазылган Теңирдин сөздөрүн Теңир үйүндө окуп берип, Жеремия ага эмне буйрук кылса, ошонун баарын аткарды.

9Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын бешинчи жылынын тогузунчу айында Иерусалимдеги бүт элге жана Жүйүт шаарларынан Иерусалимге келген бардык элге Теңирдин алдында орозо жарыялашты.

10Ошондо Барух түрмөк китепте жазылган Жеремиянын сөздөрүн Теңир үйүндө, катчы Сапан уулу Гемариянын бөлмөсүндө, Теңир үйүнүн жаңы дарбазасынын кире беришинде, үстүнкү короодо бүт элге угуза окуп берди.

11Сапан уулу, Гемария уулу Михей түрмөк китепте жазылган Теңирдин сөздөрүнүн баарын укту.

12Анан ал падышанын үйүнө, падыша катчысынын бөлмөсүнө түшүп келди, ал жерде бардык төрөлөр отурушкан: падышанын катчысы Элишама, Шемая уулу Делая, Акбар уулу Элнатан, Сапан уулу Гемария, Ханания уулу Ситкия жана бардык төрөлөр.

13Михей аларга Барух түрмөк китепти элге угуза окуп жатканда уккан сөздөрүнүн баарын айтып берди.

14Ошондо төрөлөрдүн баары Барухка Кушинин уулу, Шелемиянын уулу, Натанийдин уулу Жейудини: «Сен элге угуза окуп берген түрмөк китепти колуңа алып, бизге кел», – деп айттырганы жиберишти. Ошондо Нейриянын уулу Барух түрмөк китебин колуна алып, аларга келди.

15Алар ага: «Отур, бизге угуза окуп бер», – дешти. Ошондо Барух аларга угуза окуп берди.

16Алар бүт сөздөрдү угуп бүткөндөн кийин, үрөйлөрү учуп бири-бирин карашты жана Барухка: «Биз бул сөздөрдүн баарын падышага сөзсүз айтып беребиз», – дешти.

17Анан Барухтан: «Бизге айтчы деги, сен бул сөздөрдүн бардыгын анын оозунан кантип жазып алдың?» – деп сурашты.

18Барух аларга: «Ал бул сөздөрдүн баарын мага өз оозу менен айтты, мен болсо аларды сыя менен бул түрмөк китепке жаздым», – деп жооп берди.

19Ошондо төрөлөр Барухка: «Баргын, силердин кайда экениңерди эч ким билбеш үчүн, Жеремия да, сен да жашынгыла», – дешти.

20Анан алар ак сарайдагы падышага жөнөштү, түрмөк китепти болсо падышанын катчысы Элишаманын бөлмөсүнө калтырышты. Алар бул сөздөрдүн баарын падышага угуза айтып беришти.

21Падыша түрмөк китепти алып келүүгө Жейудини жиберди. Жейуди аны падышанын катчысы Элишаманын бөлмөсүнөн алып, падышага жана анын жанында турган бардык төрөлөргө угуза окуп берди.

22Падыша ошол учурда, тогузунчу айда өзүнүн кышкы үйүндө отурган эле, анын алдында меш күйүп турган.

23Жейуди үч-төрт тилке окугандан кийин, падыша аларды кагаз кескен маки менен кесип алып, отко таштай берди. Түрмөк китеп бүт бойдон мештеги отто күйүп бүткүчө ошентти.

24Бул сөздөрдүн баарын уккан падыша да, анын бүт кызматчылары да коркушкан жок, кийимдерин айрышкан жок.

25Элнатан, Делая жана Гемария падышадан китепти өрттөбөөнү өтүнүштү, бирок падыша алардын тилин алган жок.

26Падыша падышанын уулу Жерехмейелге, Азриелдин уулу Сераяга жана Абдейелдин уулу Шелемияга Барух катчыны жана Жеремия пайгамбарды камакка алууну буйрук кылды. Бирок Теңир аларды жашырып койду.

27Жеремиянын оозунан Барух жазып алган түрмөк китепти падыша өрттөп салгандан кийин, Жеремияга Теңирден сөз болуп, ага мындай деп айтылды:

28«Өзүңө кайра башка түрмөк китеп ал, ага Жүйүт падышасы Жайаким өрттөгөн биринчи китепте жазылган мурунку сөздөрдүн баарын жаз.

29Жүйүт падышасы Жайакимге болсо мындай деп айт: Теңир мындай дейт де: “Сен бул түрмөк китепти: "Бабыл падышасы сөзсүз келет, бул жерди талкалайт, андагы адамдар менен малдарды кырып жок кылат" деген сөздөрдү бул китепке эмне үчүн жаздың? – деп, өрттөп жибердиң.

30Ошон үчүн Жүйүт падышасы Жайаким тууралуу Теңир мындай дейт: Анын тукумунан Дөөттүн тагына отурган адам болбойт, анын өлүгү күндүзгү аптапка, түнкү суукка ыргытылып ташталат.

31Мен аны да, анын тукумун да, анын кызматчыларын да кылган жаман иштери үчүн жазалайм, Мен аларга, Иерусалимдин тургундарына жана Жүйүттүн адамдарына Өзүм айткан, бирок алар укпай койгон алааматтардын баарын каптатам”».

32Ошондо Жеремия башка түрмөк китепти алып, Нейрия уулу Барух катчыга берди. Барух ага Жеремиянын оозунан Жүйүт падышасы Жайаким өрттөп жиберген китептеги сөздөрдүн баарын жазып алды. Ал сөздөргө мурунку сөздөргө окшогон сөздөр дагы кошумчаланды.