1Кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Бабылга туткундап кеткен Иерусалимдиктер менен Жүйүт туткундарынын ичинен, Рамадан кишен салынган Жеремияны алып, аны коё бергенден кийин, Теңирден Жеремияга болгон сөз:
2Кайтаруучулардын башчысы Жеремияны алып, ага мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң бул жерге ушул алааматты каптатарын айткан.
3Теңир аны каптатты, Ал эмнени айтса, ошону аткарды, анткени силер Теңирдин алдында күнөөгө батып, Анын үнүн укпай койдуңар, ошондуктан силердин башыңарга ушул мүшкүл түштү.
4Ошондуктан мына, мен сени бүгүн колуңдагы чынжырдан бошотом. Эгерде сен мени менен Бабылга баргың келсе, баргын, мен сен үчүн кам көрөм. Эгерде мени менен Бабылга баргың келбесе, анда кал. Мына, бардык жер сенин алдыңда. Кайсы жерге баргың келсе, кайсы жерди кааласаң, ошол жерге бар».
5Ал кете электе, Небузарадан ага: «Бабыл падышасы Жүйүт шаарларына башчы кылып койгон Сапан уулу, Акикам уулу Гедалияга бар, аны менен эл арасында кал, же болбосо каалаган жагыңа бар», – деди. Анан кайтаруучулардын башчысы ага азык-түлүк, белек берип, аны коё берди.
6Жеремия Миспадагы Акикам уулу Гедалияга келип, өлкөдө калган эл арасында аны менен бирге жашап калды.
7Талаадагы аскер башчылар жана алардын жанындагы адамдар Бабыл падышасынын Акикам уулу Гедалияны өлкөгө башчы кылып койгонун жана ага өлкөнүн Бабылга туткундалып кетпеген жардыларынын ичинен эркектерди, аялдарды, балдарды тапшырганын угушканда,
8Миспадагы Гедалияга келишти. Алар: Нетания уулу Ысмайыл, Карейахтын уулдары Жаканан менен Жонатан, Танхуметтин уулу Серая, нетопалык Эйпайдын уулдары, Маахтын уулу Жезания жана алардын кишилери.
9Сапан уулу, Акикам уулу Гедалия аларга жана алардын кишилерине ант берип, мындай деди: «Каздимдерге кызмат кылгандан коркпогула, бул жерде калгыла жана Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо силерге жакшы болот.
10Мен болсо бизге келип тура турган каздимдердин алдында туруш үчүн, Миспада калам. Силер болсо шарап, жайкы түшүм, май жыйнап, идиштериңерге куюп алгыла жана өзүңөр ээлеген шаарларыңарда жашагыла».
11Ошондой эле Маап жеринде жана Амон уулдарынын арасында, Эдомдо жана башка бүт өлкөлөрдө жашаган бүт жүйүттөр Бабыл падышасынын жүйүттүн бир бөлүгүн калтырып, алардын үстүнөн Сапан уулу, Акикам уулу Гедалияны койгонун угушту.
12Ошондо ушул жүйүттөрдүн баары куулган бүт жерлеринен кайтып келишти. Алар Жүйүт жерине, Миспада турган Гедалияга келишти, шарапты, жайкы түшүмдү өтө көп жыйнап алышты.
13Ошол арада Карейах уулу Жаканан жана талаада жүргөн аскер башчылардын баары Миспада турган Гедалияга келишти.
14Андан: «Амон уулдарынын падышасы Баалис сени өлтүрүш үчүн, Нетания уулу Ысмайылды жибергенин билесиңби?» – деп сурашты. Бирок Акикам уулу Гедалия аларга ишенген жок.
15Ошондо Карейах уулу Жаканан Миспада Гедалияга жашыруун мындай деди: «Мага уруксат бер, мен барып, Нетания уулу Ысмайылды өлтүрүп келейин, бул жөнүндө эч ким билбей калат. Анын сени өлтүрүүсүнө, сага чогулган жүйүттөрдүн чачылуусуна, жүйүттүн калдыгынын кырылуусуна жол берүүнүн эмне кереги бар?»
16Бирок Акикам уулу Гедалия Карейахтын уулу Жакананга: «Андай кылба, анткени сен Ысмайыл тууралуу жалган айтып жатасың», – деди.