1Жеремия пайгамбардын Нейриянын уулу Барухка айткан сөзү. Барух бул сөздөрдү Жүйүт падышасы Жошия уулу Жайакимдин падышачылыгынын төртүнчү жылы Жеремиянын оозунан китепке жазып алып жатканда, Жеремия пайгамбар ага мындай деген:
2«Барух, Ысрайылдын Кудай-Теңири сага мындай дейт:
3Сен: “Мага кайгы! Анткени Теңир менин дартымдын үстүнө кайгы кошту. Мен онтогондон чарчадым, бирок жаным жай таппай жатат”, – дейсиң.
4Ага мындай де: Теңир мындай дейт: “Мына, Мен эмнени курган болсом, ошону талкалайм, эмнени отургузган болсом, ошонун тамырын жулам, бул жердин баарын ошентем.
5Сен болсо өзүңө чоң нерсени сурап жатасың, сурабагын, анткени мына, Мен ар бир адамдын башына мүшкүл түшүрөм, – дейт Теңир, – бирок кайда барбагын, олжо катары жаныңды аман калтырам”».