Жеремия 47:1-7 KYB2004 - Bible AI

1Фараон Азаны кыйратардын алдында, Теңирдин Жеремия пайгамбарга пелиштиликтер жөнүндө айткан сөзү:

2Теңир мындай дейт: «Мына, түндүктөн суулар көтөрүлүп келе жатат, алар ташкын сууга айланып, жерди жана анын үстүндөгүлөрдүн баарын, шаарды жана анын тургундарын каптайт. Ошондо адамдар өкүрүшөт, өлкөнүн бардык тургундары боздоп ыйлашат.

3Анын күчтүү аттарынын туяктарынын дүбүртүнөн, анын майдан арабаларынын калдыраганынан жана алардын дөңгөлөктөрүнүн үнүнөн аталары балдарына кылчайып карабайт, анткени алар эмне кыларын билбей калышат.

4Бардык пелиштиликтерди кыра турган, Тир менен Сидонду бардык жардамчыларынан ажырата турган күн келди». Анткени Теңир Каптора аралынын калдыгын – пелиштиликтерди кыйратат.

5Азанын башы такырайып калды, алардын өрөөнүндөгү элдин калдыгы – Ашкелон талкаланып жатат.

6Оо Теңирдин кылычы, качанкыга чейин кыя бересиң? Качанкыга чейин тынчтанбайсың? Кыныңа кайра кир, токто, тынчтан!

7Бирок Теңир Ашкелонго каршы, деңиз жээгине каршы буйрук кылганда, сен кантип тынчтанмак элең? Теңир аны ошол жакка багыттады.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>