Жеремия 48:1-47 KYB2004 - Bible AI

1Маап тууралуу Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Небого кайгы! Ал ээн калды! Кирийатайим маскара болду, каратып алынды. Мизгаб маскара болду, талкаланды.

2Мындан ары Мааптын даңкы чыкпайт. Кешпондо ага каршы: “Жүргүлө, аны элдер арасынан жок кылалы”, – деп, жамандык ойлоп жатышат. Мадмейна, сен да өлөсүң, сени кылыч ээрчип жүрөт».

3Хоронайымдан өкүрүк угулуп жатат, талкалануу жана улуу кыйроо болуп жатат.

4Маап талкаланды, анын балдары өкүрүп жатат.

5Лухитке чыгып бараткан жерде ый артынан ый чыгып жатат, Хоронайымдан түшүп бара жаткан жерде душман кыйрагандардын ыйын угуп жатат.

6Качкыла, өз өмүрүңөрдү сактагыла, чөлдөгү жылаңач сөксөөлдөй болгула.

7Анткени сен өз иштериңе, байлыгыңа үмүттөндүң. Ошон үчүн сен да алынасың, Кемош да өзүнүн ыйык кызмат кылуучулары жана төрөлөрү менен туткунга кетет.

8Кыйратуучу ар бир шаарга келет, бир да шаар аман калбайт. Теңир айткандай, өрөөн кыйрайт, түздүк ээн калат.

9Маапка канат бергиле, ал учуп кетсин. Анын шаарлары чөлгө айланат, анткени ал шаарларда жашаганга эч ким калбайт.

10Теңирдин ишин көңүл коштук менен кылган адамга каргыш! Анын кылычын кан төгүүдөн кармаган адамга каргыш!

11Маап жаш чагынан бейкапар жашап, өзүнүн ачыткысынын үстүндө отурат, идиштен идишке куюлган жок, туткундалып кеткен жок. Ошондуктан ал өз даамын сактап калды, жытын жоготкон жок.

12«Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен ага куюштуруучуларды жиберем, алар аны куюштурушат, анын идиштерин бошотушат, анын кумураларын талкалашат.

13Ошондо Ысрайыл өз үмүтү Бейтел үчүн кандай уят болсо, Маап Кемош үчүн ошондой уят болот.

14Силер: “Биз согушта эр жүрөк, каарман адамдарбыз”, – деп кантип айтып жатасыңар?

15Маап ээн калды, анын шаарлары өрттөнүп жатат, анын тандалган жаш уландары союлууга кетти, – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.

16Маап жакында кыйрайт, аны жакында алаамат каптайт.

17Анын кошуналары, аны жоктоп ыйлагыла, анын ысымын билгендердин бардыгы: “Күч-кубат таягы, даңк таягы кандай талкаланды!” – дегиле.

18Дибондо жашоочу кыз, даңк бийиктигинен түшүп, суусуз жерде отур, анткени сага Мааптын кыйратуучусу келип, чептериңди талкалайт.

19Аройердин кыз тургуну, жолдун боюна туруп алып кара, качып бара жаткандан жана аман калгандан: “Эмне болуп кетти?” – деп сура.

20Маап уят болду, анткени ал ээн калды. Боздоп ыйлагыла, өкүргүлө, Маап талкаланды деп, Арнондо жар салгыла.

21Ошентип, түздүктөгү өлкөлөргө жаза келди, Холонго да, Жааска да, Мейпаатка да,

22Дибонго да, Небого да, Бейт-Дыблатайымга да,

23Кирийатайимге да, Бейт-Гамулга да, Бейт-Мейонго да,

24Кериотко да, Ботсырага да, Маап жериндеги алыскы жана жакынкы шаарлардын бардыгына жаза келди.

25Мааптын мүйүзү кесилди, анын каруу-булчуңу талкаланды», – дейт Теңир.

26Аны мас болгуча ичиргиле, анткени ал Теңирге каршы көтөрүлдү. Маап өзүнүн кусундусунда оонасын, өзү шылдың болсун.

27Сен Ысрайылды шылдың кылган жок белең? Ал тууралуу айткан сайын башыңды чайкагыдай, ал эмне, уурулардын арасынан кармалды беле?

28Шаарларыңарды таштап, аска-зоолордо жашагыла, Мааптын тургундары. Yңкүрдүн оозуна уя салган көгүчкөндөрдөй болгула.

29Биз Мааптын текеберлиги, чегинен чыккан текеберлиги жөнүндө, менменсингендиги, теңсинбегендиги, мактанчаактыгы, жүрөгүнүн көтөрүлгөндүгү жөнүндө укканбыз.

30«Мен анын менменсингендигин билем, – дейт Теңир, – бирок анысы негизсиз. Анын сөздөрү курулай: айтканын аткарбайт».

31Ошондуктан Маап үчүн боздоп ыйлайм, бүт Маап үчүн өкүрөм. Кир-Херестин тургундары үчүн үшкүрүшөт.

32Сыбманын жүзүмдүгү, сен үчүн Жазерди жоктоп ыйлагандай ыйлайм. Сенин бутактарың деңиздин аркы бетине чейин жайылып турчу, Жазер көлүнө чейин жетчү. Кыйратуучу сенин жайкы мөмөлөрүңө жана бышкан жүзүмүңө кол салды.

33«Кармелден жана Маап жеринен кубаныч менен шаттык тартылып алынды. Мен жүзүм сыгылуучу жайларда жүзүм тебелөөнү токтотом. Мындан ары аларда ыр ырдап жүзүм тебелешпейт, мындан ары кубанычтын кыйкырыгы эмес, согуштун кыйкырыгы угулат.

34Кешпондон Элалейге жана Жааска чейин жеткен кыйкырыктан улам алар Соардан тартып Хоронайымга жана үчүнчү Эглатка чейин кыйкырышат, анткени Нимримдин суулары да какшыйт.

35Мааптан, – дейт Теңир, – бутканаларда курмандык чалгандарды, өздөрүнүн кудайларына жыпар жыттуу зат түтөткөндөрдү жок кылам».

36Ошондуктан менин жүрөгүм Маап үчүн чоордой сыздап жатат. Кир-Херестин тургундары үчүн жүрөгүм чоордой сыздап жатат, анткени алардын тапкан байлыктары жок болду.

37Ар биринин башындагы чачы жулунган, ар биринин сакалы алынган. Ар биринин колдорунда тырмактын изи, ар биринин белинде зумбал.

38«Мааптын бардык үйлөрүнүн үстүндө жана бардык көчөлөрүндө ый, анткени Мен Маапты керектен чыккан идиштей кылып талкаладым», – дейт Теңир.

39«Ал кандай талкаланды, – деп, боздоп ыйлашат. – Маап артка качып, кандай уятка калды!» Маап өзүнүн айланасындагылардын бардыгына шылдың болот жана аны көргөн элдин үрөйү учат.

40Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, ал бүркүткө окшоп учуп келип, Мааптын үстүнө канатын жаят.

41Шаарлар каратылып алынат, сепилдер каратылып алынат, ошол күнү Мааптын кайраттууларынын жүрөктөрү толгоодон кыйналып жаткан аялдын жүрөгүндөй болот».

42Маап элдердин катарынан жок кылынат, анткени ал Теңирге каршы чыкты.

43«Мааптын тургуну, коркунуч да, ор да, сыйыртмак да сен үчүн, – дейт Теңир.

44Коркунучтан качкан адам орго түшөт. Ал эми ордон чыккан адам сыйыртмакка түшөт, анткени Мен ага, Маапка, жазалоо жылын каптатам», – дейт Теңир.

45Качып бара жаткандар алсырап, Кешпондун көлөкөсүнө токтошту, бирок Кешпондон от чыкты, Сихондун ичинен жалын чыкты, ал Мааптын капталын жана козголоңчул уулдарынын чокусун жалмап кетти.

46Маап, сага кайгы! Кемош эли өлдү, анткени сенин уулдарың туткундалып кетти, сенин кыздарың да туткундалды.

47«Бирок акыркы күндөрү Мааптын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир. Мааптын жазасы ошол күнгө чейин.