Жеремия 49:1-39 KYB2004 - Bible AI

1Теңир Амондун уулдары жөнүндө мындай дейт: «Ысрайылдын уулдары жок беле? Анын мураскору жок беле? Эмне үчүн Малкам Гатты ээлеп алды? Эмне үчүн анын эли анын шаарларында жашап жатат?

2Ошондуктан мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Амон уулдарынын Рабе шаарында салгылашуу кыйкырыгы угулат, шаар урандылар үймөгүнө айланат, анын шаарлары өрттөлөт, Ысрайыл жерин тартып алгандардан кайра өз жерин тартып алат, – дейт Теңир.

3Ыйла, Кешпон, анткени Ай ээн калды, кыйкыргыла, Рабе кыздары, белиңерди зумбал менен курчагыла, ыйлагыла, чарбактардын арасында тентип жүргүлө, анткени Малкам өзүнүн ыйык кызмат кылуучулары жана төрөлөрү менен кошо туткунга кетет.

4Өрөөндөрүң менен эмне мактанасың? “Мага ким каршы чыкмак эле?” – деп, өзүнүн байлыгына ишенген ишенимсиз кыз, сенин өрөөндөрүңдөн кан агат.

5Мына, Мен сага туш тараптан коркунуч каптатам, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – ар кимиңер ар кайсы жакка качасыңар, качкандарды эч ким жыйнап келбейт.

6Бирок ошондон кийин Мен туткун болгон Амон уулдарын кайра алып келем,» – дейт Теңир.

7Себайот Теңир Эдом тууралуу мындай дейт: «Тейманда эми акылдуулар калбай калдыбы? Акылдуулар кеңеш бере албай калдыбы? Алардын акылы бөксөрдүбү?

8Артка бурулуп качкыла, үңкүрлөргө жашынгыла, Дедандын тургундары, анткени Мен Эйсапка өз өлүмүн алып келем, Менин жазалоо мезгилим келди.

9Эгерде сага жүзүм жыйноочулар келсе, анда сага анча-мынча мөмө калтырары анык. Эгерде сага түн ичинде уурулар келсе, анда алар өздөрүнө канча керек болсо, ошончо уурдары анык.

10Мен болсо Эйсапты жылаңач калганча тоноп алам, анын жашыруун жерлерин ачам, ошондо ал жашына албай калат. Ал тукум курут болот, анын бир туугандары да, кошуналары да кырылат, ал жок болот.

11Өз жетимдериңди калтыр, Мен аларды багам, жесирлериң да Менден үмүт кылышсын».

12Анткени Теңир мындай дейт: «Мына, ушул чөйчөктөн ичүүгө тийиш эместер да аны сөзсүз ичишет. Анан сен жазаланбай калмак белең? Жок, сен жазаланбай калбайсың, чөйчөктөн сөзсүз ичесиң.

13Анткени Мен Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир, – Ботсра көргөн элдин үрөйүн учурат, шылдың болот, чөлгө айланат, каргышка калат, анын бардык шаарлары түбөлүк ээн талааларга айланат».

14Мен Теңирден кабар уктум, элдерге айттырганы чабарман жөнөтүлдү: «Жыйналгыла да, ага каршы баргыла, согушка чыккыла».

15«Анткени мына, Мен сени элдердин арасында аз эл кылам, адамдардын арасында жек көрүндү эл кылам.

16Аскалардын жаракасында жашаган, адырлардын чокуларын ээлеген сени өзүңдүн айбаттуулугуң, жүрөгүңдүн текебердүүлүгү азгырды. Сен өз уяңды бүркүткө окшоп бийикке салсаң да, Мен сени ал жерден да кулатам, – дейт Теңир.

17Ошондо Эдом көргөн элдин үрөйүн учурат, анын жанынан өткөндөрдүн баары анын башына түшкөн мүшкүлдү көрүп, таң кала ышкырып өтөт.

18Содом менен Амор жана алардын коңшу шаарлары кандай талкаланса, – дейт Теңир, – так ошондой эле ал жерде да эч ким жашабай калат, ал жерге адам баласы токтобойт.

19Мына, ал арстандай болуп, Иордандын жогору жагынан чептүү турак жайларга чыгып келе жатат. Бирок Мен аларды Эдомдон шашылыш кетүүгө мажбур кылам, ким тандалган болсо, Мен аны анын үстүнө коём. Анткени Мага ким тең келет? Менден ким жооп талап кылат? Мага кайсы койчу каршы чыгат?»

20Ошондуктан Теңирдин Эдом жөнүндө чыгарган чечимин, Теймандын тургундары жөнүндөгү ниетин уккула: «Чындыгында, аларды койлордун ичинен эң кичинекейлери сүйрөп кетишет, алардын турак жайларын чаап алышат.

21Алардын кыйроосунун үнүнөн жер солкулдайт, алардын кыйкырыгы Кызыл деңизге чейин угулат.

22Мына, ал бүркүткө окшоп көтөрүлүп, учуп келип, канаттарын Ботсранын үстүнө жаят. Ошол күнү Эдомдун кайраттууларынын жүрөгү толгоо тартып жаткан аялдын жүрөгүндөй болот».

23Дамаск жөнүндө. Хамат жана Арпат маскара болду, анткени кайгылуу кабарды укканда, алардын көңүлү чөктү. Деңизде толкун, ал тынчтана албай жатат.

24Дамаск алсырап калды, качууга бет алды, аны коркунуч басты, ал толгоо тарткан аялдай толгоо тартып, кыйналып жатат.

25Атак-даңктын шаары, менин кубанычымдын шаары, кантип аман калган жок?

26«Анын көчөлөрүндө жаш уландары өлөт, ошол күнү бүт жоокерлери кырылат, – дейт Себайот Теңир.

27Дамаск дубалдарына от коём, ал от Бенадаттын чептерин жалмайт».

28Бабыл падышасы Небухаданасар талкалаган Кейдар жана Хатсор падышачылыктары жөнүндө Теңир мындай дейт: «Тургула, Кейдарга каршы чыккыла, чыгыштын уулдарын кыйраткыла!

29Алардын чатырларын жана койлорун өздөрүнө алышат, алардын жабууларын, бүт буюмдарын жана төөлөрүн алып кетишет, аларга бардык жактан коркунуч каптатышат.

30Качкыла, тезирээк кеткиле, аңдарга жашынгыла, Хатсордун тургундары, – дейт Теңир, – анткени Бабыл падышасы Небухаданасар силер тууралуу чечим чыгарды, силерге жамандык кылууну ойлонуштуруп койду.

31Тургула, камырабай тынч жашап жаткан элге каршы чыккыла, – дейт Теңир. – Анын эшиги да, кулпусу да жок, алар обочолонуп жашашат.

32Алардын төөлөрү олжого кетет, көп сандаган койлору таланат, саамай чачын кырккан аларды шамалга чачам, аларга туш-туштан кыргын каптатам, – дейт Теңир.

33Ошондо Хатсор чөөлөрдүн жайына, түбөлүк чөлгө айланат, ал жерде адам жашабайт, ал жерге адам баласы токтобойт».

34Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын башталышында Жеремия пайгамбар аркылуу Теңирдин Эйламга каршы айткан сөзү:

35Себайот Теңир мындай дейт: «Мына, Мен Эйламдын эң негизги күчү болгон жаасын сындырам.

36Эйламга асмандын төрт тарабынан төрт шамал каптатам, аларды ушул шамалдардын баарына чачам, куулуп-сүрүлгөн эйламдыктар барбаган эл болбойт.

37Эйламдыктарды өз душмандарынын алдында, аларды өлтүрөбүз деп жүргөндөрдүн алдында талкалайм. Аларга алаамат каптатам, Өзүмдүн каарымды төгөм, – дейт Теңир, – биротоло жок кылмайынча, алардын артынан кылыч жибере берем.

38Ошентип, Мен Өз тагымды Эйламга коём, ал жердеги падыша менен төрөлөрдү жок кылам, – дейт Теңир.

39Бирок акыркы күндөрдө Эйламдын туткундарын кайра алып келем», – дейт Теңир.