1Иерусалимдин көчөлөрүн аралагыла, карагыла, чалгындагыла, анын аянттарынан издегиле. Эгерде адилеттикти сактаган, чындыкты издеген адам тапсаңар, анда Мен Иерусалимди аяр элем.
2Алар “Теңир тирүү!” дешкени менен, жалган убада беришет».
3Оо Теңир! Сенин көздөрүң чындыкка бурулган эмеспи? Сен аларды уруп жатасың, алар болсо ооруганын сезишпейт. Сен аларды кырып жатасың, бирок алар акыл-насаатты уккулары келбейт. Алар өздөрүнүн жүзүн таштан да катуу кылып алышкан, кайрылгылары жок.
4Ошондо мен: «Булар жакыр адамдар болсо керек. Алар акылсыз, ошондуктан Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишпейт.
5Мен атактууларга барып, алар менен сүйлөшөйүн, анткени алар Теңирдин жолун, өз Кудайынын мыйзамын билишет», – дедим. Бирок алар да моюнтурукту талкалап, кишендерди үзүп салышты.
6Ошон үчүн аларды токойдон чыккан арстан өлтүрөт, аларды чөл карышкыры кырат, аларды шаарларынын жанында илбирс аңдып жатат. Ким шаардан чыкса, ал жырткычка жем болот, анткени алардын кылмышы көбөйүп кетти, бузуктугу артты.
7«Бул үчүн Мен сени кантип кечирем? Сенин уулдарың Мени таштап кетишти, кудай эместер менен ант берип жатышат. Мен аларды тойгузуп турдум, алар болсо бузуктук кылып, топ-тобу менен бузулган аялдардын үйлөрүнө барып жүрүштү.
8Алар – семиртилген айгырлар. Алардын ар бири башка бирөөнүн аялына азынап турат.
9Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
10Анын дубалдарына чыккыла да кыйраткыла, бирок баарын эмес. Алардын жаш бутактарын кыйып салгыла, анткени алар Теңирдики эмес.
11Анткени Ысрайыл менен Жүйүт Мага ишенимсиздик кылышты, – дейт Теңир.
12Алар Теңир тууралуу калп айтышып, мындай дешти: “Бул Теңирден эмес, биздин башыбызга мүшкүл түшпөйт, биз ачарчылыкты да, кылычты да көрбөйбүз.
13Пайгамбарлар да жел болуп калышат, аларда Теңирдин сөзү жок. Бул нерселер алардын өз баштарына келсин”».
14Ошондуктан Себайот Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер ушундай сөздөрдү айтып жатканыңар үчүн, мына, Мен Өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңда от кылам, ал эми бул элди отун кылам, бул от аларды жалмайт.
15Ысрайыл, Мен сага каршы алыстан бир эл алып келем. Ал эл – күчтүү эл, байыркы эл, сен тилин билбеген, сөзүн түшүнбөгөн эл, – дейт Теңир.
16Анын саадагы ачык мүрзөдөй, алардын бардыгы – кайраттуу адамдар.
17Алар сенин түшүмүңдү, эгиниңди жейт, сенин уулдарыңды жана кыздарыңды жейт, сенин койлоруңду жана өгүздөрүңдү жейт, сенин жүзүмүңдү жана анжырыңды жейт. Сен таянган чептүү шаарларыңды кылыч менен кыйратышат.
18Бирок ошол күндөрү да силерди таптакыр кырып салбайм, – дейт Теңир.
19Эгерде алар: “Булардын бардыгын Кудай-Теңир бизге эмне үчүн кылып жатат?” – дей турган болушса, анда мындай деп жооп бер: “Силер Мени таштап, өз жериңерде башка кудайларга кызмат кылганыңар үчүн, жат жерде бөтөн элге кызмат кыласыңар”.
20Муну Жакыпка кабарлагыла, Жүйүт аймагына жар салып, мындай дегиле:
21“Муну ук, акылсыз эл, көзү бар болуп туруп көрбөгөн, кулагы бар болуп туруп укпаган, акыл-эси жок эл!”
22Силер Менден коркпойсуңарбы? Менин алдымда калтырабайсыңарбы? – дейт Теңир. – Мен кумду деңизге чек ара, андан өтө албай турган түбөлүк чек кылып койдум. Анын толкундары жээкке канчалык умтулса да, аны бузуп өтө албайт. Деңиз долулана толкундаса да, андан өтө албайт.
23Ал эми бул элдин жүрөгү өжөр, козголоңчул. Алар Теңирден четтеп кетишти.
24Алар жүрөгүндө: “Кудай-Теңирибизден корколу, Ал бизге эрте жамгырды, кеч жамгырды өз маалында берет, биз үчүн Ал түшүм маалына белгиленген жумаларды сактайт”, – дешпейт.
25Силердин мыйзамсыздыгыңар буларды болтурбай салды, бул жакшы нерселерден силерди күнөөлөрүңөр ажыратты.
26Анткени Менин элимдин арасында жаман адамдар бар. Алар кушчулардай аңдышат, жерге жатып алып, торлорду жайып, адамдарды кармашат.
27Чымчыкка толгон капастай, алардын үйлөрү алдамчылыкка толгон. Ошол аркылуу алар текеберденишти, байышты.
28Алар толушту, семиришти, ар кандай жамандыктын чегинен өтүштү, алар сот иштерин, жетимдердин иштерин адилеттүү чечишпейт, жыргап жашашат, жакырлардын адилеттүү ишине акыйкаттык кылышпайт.
29Кантип Мен аларды ушул үчүн жазалабай коёюн? – дейт Теңир. – Менин жаным ушундай элден кантип өч албай койсун?
30Бул жерде таң каларлык, коркунучтуу иштер болуп жатат.
31Пайгамбарлар жалган пайгамбарчылык кылып жатышат, ыйык кызмат кылуучулар алардын жардамы менен бийлик кылып жатышат, Менин элим да муну жакшы көрөт. Эми ушулардын баарынан кийин силер эмне кыласыңар?»