Жеремия 50:1-46 KYB2004 - Bible AI

1Теңирдин Бабыл жөнүндө жана каздимдердин жери жөнүндө Жеремия пайгамбар аркылуу айткан сөзү:

2«Элдер арасына жар салгыла, кабарлагыла, туу көтөргүлө, жарыялагыла, жашырбагыла, айткыла: “Бабыл каратылып алынды, Бел маскара болду, Меродах талкаланды, анын буркандары маскара болду, анын жасалма кудайлары талкаланды”.

3Анткени түндүктөн ага каршы эл көтөрүлүп чыкты, ал анын жерин чөлгө айлантат, ошондо ал жерде эч ким жашабайт, адам да, мал да жашабайт, бардыгы ал жерден чыгып кетишет.

4Ошол күндөрдө, ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Ысрайыл уулдары Жүйүт уулдары менен бирге келишет, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирин ыйлап жүрүп издешет.

5Сионго баруучу жол жөнүндө сурашат, ал жолду карап: “Жүргүлө, унутулгус, түбөлүктүү келишим менен Теңирге кошулалы”, – дешет.

6Менин элим адашкан койлордой, анткени аларды койчулары жолунан адаштырып, тоолорго кууп жиберишти. Алар тоодон тоого, адырдан адырга тентип жүрүштү, өздөрүнүн жаткан жайын унутуп коюшту.

7Ошондо таап алгандардын бардыгы аларды жеп коюшту, алардын душмандары: “Биз күнөөлүү эмеспиз, анткени алар чындыктын турагы болгон Теңир алдында, өздөрүнүн ата-бабаларынын үмүтү болгон Теңир алдында күнөө кылышты”, – дешти.

8Бабылдын чөйрөсүнөн качкыла, каздимдердин жеринен кеткиле, койлордун алдында жүргөн текелердей болгула.

9Анткени мына, Мен Бабылга каршы түндүк жеринен улуу элдердин калың тобун тургузуп алып келем, алар ага каршы тизилип, аны каратып алышат. Алардын жебелери мыкты аскерлердин жебелериндей болуп, куру кайтпайт.

10Ошентип, Каздим жери олжо болот, аны кыйраткандар тоюшат, – дейт Теңир.

11Анткени силер, Менин мурасымды талап-тоногондор, кубандыңар, шаттандыңар. Кубанычтан чөптүн үстүндөгү музоодой секирдиңер, согуш аттарындай азынадыңар.

12Силердин энеңер катуу уятка калат, силерди төрөгөн аялдын бети кызарат. Ал элдердин келечеги – чөл, какшыган жер, ээн талаа».

13Теңирдин каарынан ал эч ким жашабаган жерге айланат, ал жер бүт бойдон ээн калат. Бабыл аркылуу өткөн ар бир адам анын башына түшкөн мүшкүлдү көрүп, таң кала ышкырып өтөт.

14Бабылдын тегерегине катарга тизилгиле. Жаа тарткандардын баары, аны аткыла, жебеңерди аябагыла, анткени ал Теңирге каршы күнөө кетирди.

15Ага каршы туш-туштан кыйкыргыла; ал колун көтөрдү; анын негиздери кулады; анын дубалдары кыйрады! Анткени бул – Теңирдин жазасы, андан өчүңөрдү алгыла. Ал силерге кандай кылса, силер да ага ошондой кылгыла.

16Бабылда үрөн сепкенди да, оруу-жыюу убагында орок оргонду да жок кылгыла. Кыйратуучу кылычтан корккон ар бир адам өз элине кайтсын, ар ким өз жерине качсын.

17Ысрайыл – чачылган кой. Аны арстандар кууп жиберди. Адегенде аны Ашур падышасы мүлжүдү, бул акыркы Бабыл падышасы Небухаданасар болсо анын сөөктөрүн талкалады.

18Ошондуктан Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Мына, Мен Ашур падышасынын жерин кандай жазаласам, Бабыл падышасын жана анын жерин да ошондой жазалайм.

19Ысрайылды өз жайытына кайра алып келем, ал Кармел тоосунда жана Башан өрөөнүндө жайылат, ал Эпрайым тоосунда жана Гилатта тоюнат.

20Ошол күндөрү, ошол мезгилде, – дейт Теңир, – Ысрайылдын айыбын издешет, бирок анын айыбы жок болуп чыгат, Жүйүттүн күнөөсүн издешет, бирок күнөө табылбайт, анткени Мен Өзүм тирүү калтыргандардын күнөөсүн кечирем.

21Мератайым жерине каршы, Пекоттун тургундарына каршы чык, кыйрат, алардын артынан бардыгын кыр, – дейт Теңир, – Мен сага эмнени буйрук кылсам, ошонун бардыгын жаса.

22Жер үстүндө согуштун дабышы жаңырат, чоң кыйроо болуп жатат!

23Бүткүл жердин балкасы кандай талкаланды, кандай кыйрады! Элдердин арасында Бабыл кандай үрөй учурарлык болду!

24Мен сага тор жайдым, Бабыл, сен аны алдын ала көрө билбей, ага түшүп калдың. Сен түштүң да кармалдың, анткени Теңирге каршы чыктың».

25Теңир Өзүнүн сактагычын ачып, андан Өзүнүн каар толтурулган идиштерин алып чыкты, анткени Себайот Кудай-Теңирдин каздимдердин жеринде иши бар.

26Ар тараптан ага каршы келгиле, анын кампаларын ачкыла, аны боолорду тебелегендей тебелегиле, аны таптакыр жок кылгыла, андан эч нерсе калбасын.

27Анын бардык өгүздөрүн өлтүргүлө, алар союлууга кетишсин. Аларга кайгы! Анткени алардын күнү келди, аларды жазалай турган мезгил келди.

28Сиондо биздин Кудай-Теңирдин өч алуусу тууралуу, Теңирдин ийбадатканасы үчүн өч алуусу тууралуу кабарлаш үчүн, Бабыл жеринен качып кутулгандардын үнү угулуп жатат.

29Бабылга каршы аткычтарды чакыргыла, эч ким качып кутулбашы үчүн, жаа тарткандардын баары анын тегерегине кошуун-кошуун болуп жайгашсын, ага өз иштерине жараша тиешесин бергиле. Ал силерге кандай кылса, силер да ага ошондой кылгыла, анткени ал Теңирге, Ысрайылдын Ыйыгына, каршы чыкты.

30«Ошон үчүн анын уландары өзүнүн көчөлөрүндө өлөт, ошол күнү анын бардык жоокерлери кырылат, – дейт Теңир.

31Мына, текебер, Мен сага каршымын, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – анткени сенин күнүң келди, сени жазалай турган мезгил келди.

32Текебер мүдүрүлүп жыгылат, аны эч ким тургузбайт. Анын шаарларына от коём, ошондо ал от анын айланасындагынын бардыгын жалмайт».

33Себайот Теңир мындай дейт: «Ысрайыл уулдары Жүйүт уулдарындай эле эзилди, аларды туткунга алгандар аларды бек кармап турушат, коё бергилери келбейт».

34Бирок алардын Куткаруучусу күчтүү, Анын ысымы – Себайот Теңир. Өлкөгө тынчтык бериш үчүн, Бабылда жашагандарды калтыратыш үчүн, алардын ишин Теңир Өзү талдайт.

35«Каздимдерге каршы кылыч! – дейт Теңир. – Бабылдын тургундарына, анын төрөлөрүнө, анын даанышмандарына каршы кылыч!

36Төлгөчүлөргө каршы кылыч! Алар акыл-эстен ажырашат. Анын аскерлерине каршы кылыч! Алар талкаланышат.

37Анын аттарына, майдан арабаларына, анын ичиндеги элдердин баарына каршы кылыч! Ошондо алар аялдардай болушат. Анын кенч-байлыгына да каршы кылыч! Алар таланып жок болот.

38Анын суулары какшып калсын! Алар какшыйт, анткени бул жер – буркандардын жери. Алар өздөрүнүн эң коркунучтуу жасалма кудайларынан эс-акылдан ажырашат.

39Ошондуктан ал жерде талаа жырткычтары менен чөөлөр жайланышат, ал жерде төө куштар жашашат, мындан ары ал жерде түбөлүккө эл жашабайт, ал жерге укумдан-тукумга эл көчүп барып отурукташпайт.

40Кудай Содом менен Аморду жана ага кошуна жаткан шаарларды кандай кулатса, – дейт Теңир, – бул жерде да эч ким жашабайт, адам баласы токтобойт.

41Мына, түндүктөн эл келе жатат, улуу эл, жер кыйырынан көп падышалар көтөрүлүп келе жатат.

42Алардын колдорунда найза менен жаа. Алар таш боор жана ырайымсыз. Алардын үнү деңиздей күрүлдөйт. Бабыл кызы, сени менен салгылашыш үчүн, аттарга минип, бир кишидей тизилип, зуулдап келе жатышат.

43Бабыл падышасы алар жөнүндө кабар укканда, эмне кыларын билбей калды, ал кайгыга батты, толгоо тартып жаткан аялдай кыйналды.

44Мына, ал Иордан дарыясынын баш жагынан арстандай болуп, чептүү турак жайларга чыгып келе жатат. Бирок Мен аларды ал жерден шашылыш кетүүгө мажбур кылам. Ким тандалган болсо, аны ошого ишенип тапшырам, анткени Мага ким тең келет? Менден ким жооп талап кылат? Кайсы койчу Мага каршы чыгат?»

45Ошондуктан Теңирдин Бабыл тууралуу чыгарган чечимин, Анын каздим жери тууралуу ниетин уккула: «Чындыгында, аларды койлордун ичинен эң алсыздары сүйрөп кетишет. Чындыгында, алардын турак жайлары ээн калат.

46Бабылдын каратылып алынышы жөнүндөгү кабардан жер солкулдайт, элдер арасында өкүрүк угулат».