Жеремия 51:1-64 KYB2004 - Bible AI

1Теңир мындай дейт: «Мына, Мен Бабылга жана анын арасында жашагандарга каршы Өзүмдүн душмандарымды көтөрөм.

2Бабылга сапыруучуларды жиберем, алар аны учуруп жиберишет, анын жерин кыйратышат, анткени алаамат күнү ага бардык тараптан кол салышат.

3Аткыч жаа тартканга жана өзүнүн калканы менен мактанганга каршы жаа тартсын. Анын уландарын аябагыла, анын бүт аскерин жок кылгыла.

4Өлтүрүлгөндөр Каздим жеринде кулашсын, сайылгандар анын жолдоруна кулашсын».

5Ысрайылдын Ыйыгынын алдында жери күнөөгө толсо да, Ысрайыл менен Жүйүт өздөрүнүн Себайот Кудай-Теңиринен ажырап жесир калган эмес.

6Бабыл чөйрөсүнөн качкыла жана анын мыйзамсыздыгынан өлүп калбаш үчүн, ар бириңер өз жаныңарды сактагыла, анткени бул – Теңирдин өч ала турган мезгили, Ал анын ишине жараша жазасын берип жатат.

7Бабыл Теңирдин колундагы бүт жерди мас кылган алтын чөйчөк болгон. Элдер андан шарап ичип, акылсыздык кылышкан.

8Бабыл капыстан кулап, талкаланды. Ал үчүн боздоп ыйлагыла, анын жарааты үчүн бальзам алгыла, балким, ал айыгып кетер.

9Бабылды биз дарыладык, бирок ал айыккан жок. Аны таштагыла, ар кимибиз өз жерибизге кетели, анткени ага чыгарылган өкүм асманга жетти, булутка чейин көтөрүлдү.

10Теңир биздин акыйкаттыгыбызды жарыкка чыгарды. Жүргүлө, Сиондо Кудай-Теңирибиздин ишин жар салалы.

11Жебелерди учтагыла, саадактарды жебеге толтургула. Теңир Мадай падышаларынын рухун козгоду, анткени Анын Бабылды жок кылам деген ою бар. Анткени бул – Теңирдин өчү, Теңирдин ийбадатканасы үчүн өч алуу.

12Бабыл дубалдарына каршы туу көтөргүлө, күзөтүүнү күчөткүлө, күзөтчүлөрдү орду-ордуна койгула, буктурмаларды даярдагыла, анткени Теңир Бабылдын тургундары жөнүндө эмнени ойлосо, эмнени айтса, ошону аткарат.

13Оо, сен, улуу дарыялардын жээгинде жашаган, көп байлыктардын ээси! Сенин күнүң бүттү, сараңдыгың чегине жетти!

14Себайот Теңир Өзү менен ант берди: «Чынында эле, Мен сени чегирткедей сансыз элге толтурам, алар сага каршы согуш ураанын көтөрүшөт».

15Ал жерди Өзүнүн кудурети менен жараткан, ааламды Өзүнүн даанышмандыгы менен орноткон, асманды Өзүнүн акылы менен жайган.

16Анын үнүнөн асмандагы суулар күрүлдөйт, Ал жер кыйырынан булуттарды чыгарат, жамгыр жаап жатканда, чагылган жаратат, Өзүнүн сактагычтарынан шамал чыгарат.

17Ар бир адам өзүнүн билими менен акылсыздык кылып жатат, ар бир эритүүчү өзү жасаган бурканы менен өзүн маскара кылып жатат, анткени анын бурканы – жалган, анын ичинде рух жок.

18Ал – эч нерсеге арзыбаган нерсе, адашкандын иши. Алар өздөрүнүн жазалана турган мезгили келгенде жок болушат.

19Жакыптын үлүшү алардыкындай эмес, анткени анын Кудайы – баарын жараткан Кудай, Ысрайыл болсо Анын мурасынын таягы, Анын ысымы – Себайот Теңир.

20«Сен Менин балкамсың, согуштук куралымсың. Мен сени менен элдерди кыйраткам, сени менен падышачылыктарды жок кылгам.

21Мен сени менен анын аттарын жана атчан аскерлерин кыйраткам, сени менен анын майдан арабаларын жана араба айдоочуларын кыйраткам.

22Сени менен эркегин да, аялын да өлтүргөм. Сени менен карысын да, жашын да өлтүргөм, сени менен уланын да, кызын да өлтүргөм.

23Сени менен койчуну да, анын койлорун да кыйраткам, сени менен дыйканды да, анын жумушчу малын да кыйраткам, сени менен дубан башчыларын да, шаар башчыларын да өлтүргөм.

24Мен силердин көз алдыңарда Бабылды жана бүт Каздим тургундарын, алардын Сиондо кылган бардык кыянат иштери үчүн жазалайм, – дейт Теңир.

25Мен сага каршымын, бүт жерди ойрон кылуучу тоо, – дейт Теңир, – ойрон кылуучу, Мен сага каршы колумду сунам, сени аскадан кулатам, сени өрттөлгөн тоого айлантам.

26Ошондо сенден бурч үчүн да таш алышпайт, пайдубал үчүн да таш алышпайт, түбөлүккө ээн каласың», – дейт Теңир.

27Жерде туу көтөргүлө, элдер арасында сурнай тарткыла, элдерди ага каршы куралдандыргыла, Арарат падышачылыгын, Мини падышачылыгын, Ашкыназ падышачылыгын ага каршы чакыргыла, ага каршы аскер башчы койгула, аттарды кылдуу чегирткедей каптаткыла.

28Элдерди, Мадай падышаларын, анын дубан башчыларын, анын бүт шаар башчыларын, ага караштуу бардык жерди ага каршы куралдандыргыла.

29Жер солкулдап, титиреп жатат, анткени Теңирдин Бабыл жерин эл жашабаган чөлгө айландырам деген ниети орундалып жатат.

30Бабылдын күчтүү жоокерлери согушканын токтотушту, өз чептеринде отурушат. Алардын күчү кетти, аялдардай болуп калышты, алардын үйлөрү өрттөлүп, кулпулары талкаланды.

31Бабыл падышасына анын шаары бардык тарабынан алынганын кабарлаш үчүн, чабармандын артынан чабарман, кабарчынын артынан кабарчы чуркап бара жатат.

32Кечүүлөр басылып алынды, тосмолор өрттөлдү, жоокерлер коркунуч менен жеңилишти.

33Анткени Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, мындай дейт: «Бабыл кызы дан бастырылып жаткан кырманга окшош, бир аз убакыттан кийин анын оруу-жыюу мезгили келет».

34«Мени Бабыл падышасы Небухаданасар жеди, мүлжүдү, бош идишке айлантты, мени ажыдаардай жутту, өзүнүн курсагын менин эң жакшы нерселериме толтурду, мени бүркүп ыргытты.

35Менин таарынычым да, менин денем да Бабылдын мойнунда, – дейт Сиондун тургуну. Менин каным Каздим тургундарынын мойнунда», – дейт Иерусалим.

36Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сенин ишиң үчүн болушам, сен үчүн өч алам. Анын деңизин какшытам, анын булактарын соолутам.

37Ошондо Бабыл үйүлгөн урандыга, чөөлөрдүн түнөгүнө айланат, үрөй учурган, шылдыңга калган жана эл жашабаган жер болот.

38Алардын бардыгы арстандай айкырышат, арстандын күчүктөрүндөй ырылдашат.

39Алар кызыган кезде, Мен аларга той өткөрүп, мас болгуча ичирем. Алар көңүл ачып, түбөлүк уйку менен уктап, ойгонбошу үчүн ушундай кылам, – дейт Теңир.

40Аларды союлуучу козулардай, кочкор менен текелердей айдап түшүрөм.

41Шейшак кандай алынды, жер жүзүнүн сыймыгы кандай жеңилди! Элдер арасында Бабыл кандай үрөй учурарлык болду!

42Бабылга каршы деңиз көтөрүлдү, ал анын сансыз толкундарынын астында калды.

43Анын шаарлары чөлгө, какшыган жерге, ээн талаага, эч ким жашабаган жерге, адам баласы өтпөгөн жерге айланды.

44Бабылдагы Белди жазалайм, анын жутканын оозунан чыгартам, ошондон кийин ага элдер агылып келбей калат, атүгүл, Бабылдын дубалдары да кулайт.

45Менин элим, анын чөйрөсүнөн чык, ар бириңер өз жаныңарды Теңирдин жалындаган каарынан сактагыла.

46Жүрөгүңөр алсырабасын, жер үстүндө угула турган кабардан коркпогула. Кабар бир жылы келет, кийинки жылы дагы бир кабар келет, жер үстүндө зордук-зомбулук болот, өкүмдар өкүмдарга каршы көтөрүлөт.

47Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен Бабылдын буркандарын жазалайм, анын бүткүл жери маскара болот, ал жерге анын өлтүрүлгөндөрүнүн баары кулайт.

48Ошондо Бабылдын кулаганына асман менен жер жана аларда болгондун бардыгы сүйүнөт, анткени ага түндүк тараптан кыйратуучулар келет, – дейт Теңир.

49Бабыл жеңилген ысрайылдыктарды кандай кулатса, бүт өлкөдөгү жеңилгендер да Бабылда ошондой кулайт».

50Кылычтан аман калгандар, кеткиле, токтобогула, Теңир жөнүндө алыстан эстегиле, Иерусалим силердин жүрөгүңөргө кирсин.

51Жаман сөздөрдү укканда, биз уят болгонбуз. Бөтөн жерликтер Теңир үйүнүн ыйык жайына киришкенде, бетибизге маскаралык жабылган.

52«Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен анын буркандарын жазалайм, анын бүт жеринде жарадар болгон адамдар онтошот.

53Бабыл асманга чейин көтөрүлсө да, өз сепилин бийиктикке орнотсо да, Менден ага каршы кыйратуучулар келет», – дейт Теңир.

54Бабылдан өкүрүк угулуп жатат, Каздим жеринен чоң бүлгүн-чапкын угулуп жатат.

55Анткени Теңир Бабылды ээн калтырып, анын ичиндеги текебер үндү токтотот. Алардын толкундары чоң суулардай күрпүлдөйт, алардын шуулдаган үнү жаңырат.

56Анткени ага – Бабылга каршы, кыйратуучу келет, анын каарман жоокерлери колго түшөт, алардын жаалары кыйрайт, анткени Кудай – тиешесин берүүчү Теңир, Ал сөзсүз тиешесин берет.

57«Анын төрөлөрүн, анын даанышмандарын, анын дубан башчыларын, анын шаар башчыларын, анын жоокерлерин мас болгончо ичирем, ошондо алар түбөлүккө уктап калышат, ойгонушпайт», – дейт ысымы Себайот Теңир болгон Падыша.

58Себайот Теңир мындай дейт: «Бабылдын калың дубалдары пайдубалдарына чейин урайт, анын бийик дарбазалары өрттөлөт. Элдер бекер эмгектеништи, уруулар өздөрүн от үчүн кыйнашты».

59Жүйүт падышасы Ситкиянын падышачылыгынын төртүнчү жылында Махсея уулу, Нейрия уулу Серая Ситкия менен Бабылга жөнөп бара жатканда, ага Жеремия пайгамбар тапшырган сөз. Серая падышанын башкы орун даярдоочусу болгон.

60Бабыл жөнүндө, аны кандай алаамат каптары жөнүндө жазылган бул сөздөрдүн бардыгын Жеремия бир китепке жазып койду.

61Ошондо Жеремия Сераяга мындай деди: «Сен Бабылга барганда, бул сөздөрдүн баарын сөзсүз окуп бер.

62Анан мындай де: “Теңир! Сен бул жерди толугу менен кыйратарыңды: ал жерде адам да, мал да калтырбай, аны түбөлүк чөлгө айлантарыңды айткансың”.

63Анан бул китепти окуп бүткөндөн кийин, ага таш байлап туруп, Эфрат дарыясынын ортосуна ыргытып жибер,

64анан мындай де: “Бабыл ушинтип чөгөт, ал Мен ага каршы каптаткан алааматтан кайра турбайт, ал таптакыр алсырап калат”». Буга чейин Жеремиянын сөзү.