1Ситкия падыша болгондо жыйырма бир жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин ысымы – Хамутал, ал – либналык Жеремиянын кызы.
2Ал да Теңирдин алдында Жайаким кылган жаман иштердин баарын кылды.
3Ошондуктан Теңир Иерусалим менен Жүйүткө катуу каарданып, аларды Өз жүзүнөн четке какты. Ошондо Ситкия Бабыл падышасына каршы чыкты.
4Анын падышачылыгынын тогузунчу жылы, онунчу айдын онунчу күнү Бабыл падышасы Небухаданасар өзүнүн бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап, анын тегерегине жал курду.
5Ошентип, шаар Ситкия падышанын падышачылыгынын он биринчи жылына чейин курчоодо турду.
6Төртүнчү айдын тогузунчу күнү шаарда ачкачылык күчөдү, ал жердин эли үчүн нан калбай калды.
7Шаар дубалы талкаланып тешилди, ошондо бардык аскер адамдары качып жөнөштү, алар түн ичинде падыша багынын жанындагы эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып, чөлгө кеткен жол менен жөнөштү. Каздимдер болсо шаардын айланасында турушкан.
8Каздим аскерлери падышанын артынан кууп жөнөштү. Алар Ситкияны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти, ошондо аны өзүнүн аскерлери таштап, туш-тушка качып кетишти.
9Алар падышаны колго түшүрүп, Хамат жериндеги Риблага, Бабыл падышасына алып келишти, падыша ага ошол жерде өкүм чыгарды.
10Бабыл падышасы Ситкиянын уулдарын Ситкиянын көз алдында сайып өлтүрдү, ошондой эле Жүйүт төрөлөрүнүн бардыгын Риблада сайып өлтүрдү.
11Ситкияны болсо эки көзүн оюп, жез кишен менен кишендеди. Анан аны Бабыл падышасы Бабылга алып кетип, зынданга каматып салды. Ал көзү өткөнчө зынданда болду.
12Бешинчи айдын онунчу күнү (бул Бабыл падышасы Небухаданасардын бийлигинин он тогузунчу жылы эле) Бабыл падышасынын алдында турган кайтаруучулардын башчысы Небузарадан Иерусалимге келип,
13Теңир үйүн, падышанын үйүн, Иерусалимдеги бүт үйлөрдү өрттөп жиберди, бардык чоң үйлөрдү өрттөп жиберди.
14Анан кайтаруучулардын башчысы менен болгон бүт Каздим аскерлери Иерусалимдин айланасындагы бардык дубалдарды кыйратышты.
15Эл ичиндеги жардыларды, шаарда калган башка элди, Бабыл падышасына өтүп кеткендерди, жалпы эле карапайым элдин калган калдыгын кайтаруучулардын башчысы Небузарадан туткундап кетти.
16Кайтаруучулардын башчысы Небузарадан бул жердеги элдин жакырларынын бир нечесин гана жүзүмдүктөрдү багууга, жер айдоого калтырды.
17Ал эми Теңир үйүндөгү жез мамыларды, жезден жасалган астына койгучтарды, Теңир үйүндөгү жез чараны каздимдер сындырып, алардын бардык жезин Бабылга алып кетишти.
18Кудайга кызмат кылууда колдонулуучу казандарды, калактарды, бычактарды, чараларды, кашыктарды жана жез идиштердин бардыгын алып кетишти.
19Табактарды, кычкачтарды, чөйчөктөрдү, казандарды, чырактандарды, жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү идиштерди, алтындан болобу, күмүштөн болобу – бардык идиштерди кайтаруучулардын башчысы алып кетти.
20Ошондой эле Сулайман падыша Теңир үйү үчүн жасаган эки мамыны, бир жез чараны, анын астында турган он эки жез өгүздү алып кетишти. Аларга кеткен жездин салмагын таразалоого мүмкүн эмес эле.
21Ал мамылардын ар биринин узундугу он сегиз чыканак эле, ар бир мамыны он эки чыканак чынжыр курчап турган, ичи көңдөй мамылардын калыңдыгы төрт эли болгон.
22Мамынын үстүндөгү таажы жезден жасалган, таажынын бийиктиги беш чыканак эле. Таажынын үстүндө тегерете курчалган анарлар да, тор да жезден жасалган. Экинчи мамынын үстүндө да ошондой анарлар бар эле.
23Мамынын бардык тарабындагы жез анарлардын саны токсон алты болчу, тордун айланасындагы жез анарлардын саны жүз болчу.
24Кайтаруучулардын башчысы ошондой эле башкы ыйык кызмат кылуучу Сераяны, экинчи ыйык кызмат кылуучу Сепанияны жана босогодо турган үч күзөтчүнү алып кетти.
25Шаардан болсо аскер адамдарынын башчысы болгон бир эбнухту, шаарда, падышанын алдында турган жети кишини, бул жердин элин аскерге каттаган башкы катчыны, шаардагы элдин ичинен алтымыш кишини алып кетти.
26Кайтаруучулардын башчысы Небузарадан аларды Риблага, Бабыл падышасына алып кетти.
27Бабыл падышасы аларды Хамат жериндеги Риблада өлтүрдү. Ошентип, Жүйүт өз жеринен туткундалып кетти.
28Небухаданасардын падышачылыгынын жетинчи жылында туткундалып кеткен элдин саны үч миң жыйырма үч.
29Небухаданасардын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Иерусалимден сегиз жүз отуз эки адам туткундалып кеткен.
30Небухаданасардын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылы кайтаруучулардын башчысы Небузарадан жүйүттөрдөн жети жүз кырк беш адамды туткундап кеткен. Бардыгы болуп төрт миң алты жүз адам туткундалып кеткен.
31Жүйүт падышасы Жайакимдин туткундалып келгенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма бешинчи күнү, Бабыл падышасы Эбил-Мередах өзүнүн падышачылыгынын биринчи жылы Жүйүт падышасы Жайахинди жогору көтөрүп, зындандан чыгарды.
32Ал аны менен досторчо сүйлөшүп, анын тагын өзүнүн Бабылдагы падышаларынын тагынан жогору койду.
33Ал анын зындан кийимин алмаштырды. Жайахин өмүрүнүн аягына чейин падышаныкынан тамактанды.
34Анын көзү өткөнчө, падышадан ага күн сайын азык үзгүлтүксүз берилип турду.