Жеремия 7:1-34 KYB2004 - Bible AI

1Теңирден Жеремияга айтылган сөз:

2«Теңир үйүнүн дарбазасынын алдында тур, ал жерде бул сөздү жарыялап айт: Бүт жүйүт эли, Теңирге табыныш үчүн мына бул дарбазадан киргендер, Теңирдин сөзүнө кулак салгыла!

3Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Өз жолуңарды жана өз иштериңерди оңдогула, ошондо Мен силерди бул жерде жашатам.

4"Бул – Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы, Теңирдин ийбадатканасы" деген жалган сөздөргө ишенбегиле.

5Бирок жолуңарды, иштериңерди чыны менен эле оңдой турган болсоңор, бир адам менен анын жакынынын ортосунда адилеттүү сот жүргүзө турган болсоңор,

6чет жерликтерге, жетим менен жесирлерге кысым көрсөтпөсөңөр, бул жерде жазыксыз кан төкпөсөңөр, өз башыңарга кайгы үйүп, бөлөк кудайлардын артынан ээрчибей турган болсоңор,

7анда Мен силерди ушул жерде – ата-бабаңардын укум-тукумуна берген жерде жашатам.

8Мына, силер өзүңөргө эч бир пайда алып келбеген жалган сөздөргө ишенесиңер.

9Силер уурдап, киши өлтүрүп, бузуктук кылып, жалган ант берип, Баалга жыпар жыттуу зат түтөтүп, өзүңөр билбеген башка кудайлардын артынан жүрүп,

10анан келип, Менин ысымым менен аталган ушул үйдө, Менин алдымда туруп, мындан ары да ушул жийиркеничтердин баарын кылыш үчүн: "Биз куткарылдык", – деп, кантип айтып жатасыңар?

11Менин ысымым менен аталган бул үй силердин көзүңөргө каракчылардын уюгу болуп калган жокпу? Мына, Мен муну көрдүм, – дейт Теңир.

12Мурун Өзүмдүн ысымымды орноткон жерим Шилого барып, Өзүмдүн элим Ысрайылдын кылган жамандыгы үчүн аны эмне кылганымды көргүлө.

13Азыр да силер ушул иштердин баарын кылып жатканыңар үчүн, – дейт Теңир, – Мен силерге таң заардан баштап айткам, бирок силер уккан жоксуңар, силерди чакыргам, бирок силер жооп берген жоксуңар, – дейт Теңир.

14Ошон үчүн Менин ысымым менен аталган, силер ишенген ушул үйдү, Мен силерге жана силердин ата-бабаларыңарга берген ушул жерди Шилону кандай кылсам, ошондой кылам.

15Мен Өзүмдүн жүзүмдүн алдынан силердин бардык бир туугандарыңарды, Эпрайымдын бүт укум-тукумун, четке каккандай, силерди да четке кагам”.

16Сен болсо бул эл үчүн сыйынба, алар үчүн өтүнбө, жалынба, Менден жалынып сураба, анткени Мен сени укпайм.

17Алар Жүйүт аймагынын шаарларында жана Иерусалимдин көчөлөрүндө эмнелерди кылып жатышканын көрбөй турасыңбы?

18Асман аял кудайына нан жасаш үчүн, балдар отун терип, аталар от жагып, аялдар камыр жууруп жатышат, Мени капа кылыш үчүн, башка кудайларга куюлуучу курмандыгын куюп жатышат.

19Бирок алар Мени капа кылып жатышабы? Өздөрүн маскара кылып, өздөрүн өздөрү капа кылып жатышкан жокпу? – дейт Теңир.

20Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мына, ушул жерге Менин каарым, Менин ачуум төгүлүп жатат. Адамдарга да, малдарга да, талаадагы бак-дарактарга да, жерде өскөн жемиштерге да каарым төгүлөт, күйөт, өчпөйт”.

21Ысрайылдын Себайот Кудай-Теңири мындай дейт: “Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды башка курмандыктарыңарга кошуп, этин жегиле.

22Анткени Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан күнү аларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана башка курмандыктар жөнүндө айткан да эмесмин, буйрук берген да эмесмин.

23Бирок аларга мындай осуят бергем: Менин үнүмдү уккула, ошондо Мен силердин Кудайыңар болом, силер болсо Менин элим болосуңар, силерге жакшы болушу үчүн, Мен силерге буйрук кылган бардык жол менен жүргүлө.

24Бирок алар укпай коюшту, кулактарын төшөбөй коюшту, өздөрүнүн түшүнүгү боюнча, бузулган жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашты, Менден жүздөрүн буруп, артын салышты.

25Силердин ата-бабаларыңар Мисир жеринен чыккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Мен силерге Өзүмдүн бүт кулдарымды – пайгамбарларымды жиберип турдум, аларды күн сайын таң заардан жиберип турдум.

26Бирок алар угушкан жок, Мага кулак салышкан жок, тескерисинче, өз моюндарын толгоп, ата-бабаларынан да жаман иштерди кылышты”.

27Сен аларга бул сөздөрдүн баарын айтканыңда, алар сени укпай коюшат, сен аларды чакырганыңда, алар сага жооп беришпейт.

28Ошондо аларга мындай де: “Өз Кудай-Теңиринин үнүн укпаган, акыл-насаатты кабыл албаган эл ушул! Аларда чындык жок, алардын оозунан чындык алынды”.

29Өз чачыңды кыркып ыргыт, тоо үстүндө ыйла, анткени Теңирдин каарын өзүнө төктүргөн бул элди Теңир четке кагып, таштап салды.

30Анткени Жүйүт уулдары Менин көз алдымда кыянаттык кылып жатышат, – дейт Теңир, – Менин ысымым менен аталган үйдү булгаш үчүн, өздөрүнүн жийиркеничтүү нерселерин коюшту.

31Уулдары менен кыздарын отко өрттөш үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүнө Топет бийиктиктерин орнотушту. Мен аларга мындай кылууну буйруган эмесмин, ал Менин оюма да келген эмес.

32Ошон үчүн, мына, мындан ары бул жерди Топет деп, Ином уулдарынын өрөөнү деп атабай турган күндөр келе жатат, – дейт Теңир. – Бирок ал жерди Өлтүрүү өрөөнү деп аташат, жер жетпегендиктен, Топетке өлүктөрдү көмүшөт.

33Бул элдин өлүктөрү асмандагы куштарга, жердеги жырткыч айбандарга азык болот, аларды кубалоого эч ким чыкпайт.

34Жүйүт аймагынын шаарлары менен Иерусалимдин көчөлөрүндө кубанычтын жана шаттыктын үнүн, күйөө менен колуктунун үнүн токтотом, анткени бул жер ээн чөлгө айланат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>