Жоел 1:1-20 KYB2004 - Bible AI

1Петуел уулу Жоелге болгон Теңирдин сөзү.

2«Карыялар, муну уккула, бул жердин бардык тургундары, кулак салгыла: силердин тушуңарда же ата-бабаңардын тушунда ушундай болду беле?

3Муну балдарыңарга айткыла, ал эми балдарыңар өз балдарына айтышсын, алардын балдары болсо кийинки муунга айтышсын:

4кырк аяктан калганды чегиртке жеди, чегирткеден калганды курт жеди, ал эми курттан калганды коңуз жеди.

5Ойгонгула, ичкичтер, ыйлагыла, шарап ичкендердин баары, жүзүм ширесин жоктоп, боздоп ыйлагыла. Анткени ал силердин оозуңардан тартылып алынды!

6Анткени менин жериме күчтүү, сан жеткис бир эл келди. Анын тиштери арстандын тиштериндей, азуулары ургаачы арстандыкындай.

7Ал менин жүзүм сабагымды кыйратты, менин анжыр дарагымды сындырды, аны жылаңачтап сыйрып ыргытып жиберди, ошондо анын бутактары агарып калды».

8Жаш кезинде тийген күйөөсүн жоктогон жаш аялдай зумбал жамынып ыйла!

9Теңир үйүнө алып келинүүчү нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктар токтоду. Ыйык кызмат кылуучулар, Теңирдин кызматчылары, ыйлап жатышат.

10Талаа ээн калып, жер кайгырып жатат, анткени дан жок болду, жүзүм сабагы куурады, зайтун дарагы соолуду.

11Дыйкандар, уяттан бетиңер кызарсын, жүзүмчүлөр, ыйлагыла, буудай менен арпаны жоктоп ыйлагыла, анткени талаадагы түшүм жок болду.

12Жүзүм сабагы куурады, анжыр дарагы соолуду. Анар, курма жана алма бактары – талаадагы бүт дарактар куурап калды. Ошондуктан адам баласынан кубаныч жоголду.

13Ыйык кызмат кылуучулар, белиңерди курчагыла, ыйлагыла, курмандык чалынуучу жайдын кызматчылары, боздоп ыйлагыла! Менин Кудайымдын кызматчылары, келгиле, зумбал кийип түн өткөргүлө. Анткени силердин Кудайыңардын үйүнө алып келинүүчү нан курмандыктары менен куюлуучу курмандыктар токтоду.

14Орозо белгилегиле, жыйын жарыялагыла, бул өлкөнүн карыяларын, бардык тургундарын Кудай-Теңириңердин үйүнө чакыргыла, Теңирге жалынгыла.

15Оо, эмне деген күн! Анткени Теңирдин күнү жакын! Ал Кудуреттүүдөн кыйратуучу катары келет.

16Тамак биздин көз алдыбызда тартылып алынып жаткан жокпу? Шаттык менен кубаныч биздин Кудайдын үйүнөн тартылып алынып жаткан жокпу?

17Уруктар топурактын катмарында чирип калды, дан сактагычтар бош калды, кампалар талкаланды, анткени эгин болбой калды.

18Мал кандай онтоп жатат! Өгүздөр тентип жүрүшөт, анткени аларга жайыт жок, койлор да жапа чегип жатышат.

19Теңир, Сага жалынам, анткени талаадагы оттуу жайыттарды от жалмап салды, талаадагы дарактардын бардыгын жалын куйкалап кетти.

20Атүгүл, талаадагы жаныбарлар да Сени чакырып жатышат, анткени агын суулар соолуду, талаадагы жайыттарды от жалмап салды.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>