1Анткени мына, ошол күндөрдө жана дал ошол мезгилде, Жүйүт менен Иерусалимдин туткундарын кайра алып келгенде,
2Мен бардык элдерди чогултам, аларды Жошапаттын өрөөнүнө алып келем. Менин элимди, Менин мурасым Ысрайылды, башка элдердин арасына чачыратып жиберишкени үчүн, Менин жеримди бөлүп алышканы үчүн, ошол жерде Мен аларды сотттойм.
3Алар Менин элим үчүн өкчөмө таш ыргытышты, уландарды берип, бузулган аялдарды сатып алышты, кыздарды сатып, шарап алып ичишти.
4Тир, Сидон, Пелиштинин бүт аймагы, силерге Менден эмне керек? Мени жазалагыңар келеби? Менден өч алгыңар келеби? Мен силердин жазаңарды оңой эле, тез эле өз башыңарга салам,
5анткени силер Менин күмүшүмдү, Менин алтынымды алдыңар, Менин эң кымбат асыл буюмдарымды бутканаларыңарга киргизип алдыңар.
6Жүйүт жана Иерусалим уулдарын өз жеринен алыстатыш үчүн, эллин уулдарына саттыңар.
7Мына, силер аларды кайсы жерге сатып жиберсеңер, Мен аларды ошол жерден алып чыгам, аларга кылганыңарды өз башыңарга салам.
8Уулдарыңар менен кыздарыңарды Жүйүт уулдарынын колуна салып берем, Жүйүт уулдары аларды алыста жашаган Шеба элине сатып жиберишет. Теңир ушинтип айтты.
9Муну элдер арасында жар салгыла, согушка даярдангыла, эр жүрөк жоокерлерди козгогула. Бүт аскерлер көтөрүлүп, согушка чыгышсын.
10Соколоруңарды кылыч кылып, орокторуңарды найза кылып кайра согуп чыккыла. Алсыз “Мен күчтүүмүн!”» десин.
11Тездегиле, келгиле, тегеректеги бардык элдер, чогулгула. Теңир, Өз баатырларыңды ошол жерге баштап бар.
12«Бардык элдер көтөрүлүп, Жошапаттын өрөөнүнө түшүшсүн, анткени ар тараптан келген бардык элдерди соттош үчүн, Мен ошол жерде отурам.
13Орогуңарды алып, оро баштагыла, анткени түшүм жыйноо убагы келди. Келгиле, тебелегиле, анткени жүзүм сыгылуучу жай толду, шарап куйган идиштер ашып-ташып турат, анткени алардын жаман иштери көп.
14Калың эл, сот боло турган өрөөндө калың эл! Анткени сот боло турган өрөөнгө Теңирдин күнү жакын!
15Күн менен ай күңүрттөнөт, жылдыздар өз жарыгын жоготушат».
16Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат. Асман менен жер солкулдайт. Бирок Теңир Өз элине коргонуч болот, Ысрайыл уулдарына калканыч болот.
17«Ошондо Өзүмдүн ыйык тоом Сиондо жашаган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер. Иерусалим ыйык жай болот, ошондон кийин ал аркылуу бөтөн уруулар өтүшпөйт.
18Ошол күнү тоолордон шарап тамат, адырлардан сүт агат, Жүйүттүн бардык сайлары сууга толот, ал эми Теңир үйүнөн булак суусу агып чыгып, Шитим өрөөнүн сугарат.
19Мисир чөлгө айланат, Эдом ээн талаага айланат, анткени алар Жүйүт уулдарын кысымга алышкан, алардын жеринде жазыксыз кан төгүшкөн.
20Жүйүт болсо түбөлүк жашайт, Иерусалим кылымдан кылымга жашайт.
21Мен алардын каны үчүн буга чейин албаган өчүмдү алам, анткени Теңир Сиондо жашайт».