1Амитай уулу Жунуска Теңирден мындай сөз болду:
2«Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жөнүндө пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти».
3Ошондо Жунус Теңирдин жүзүнөн Таршышка качып кетмекчи болду. Ал туруп, Жапага келди да, Таршышка жөнөп жаткан бир кемени таап, жол акысын төлөдү. Теңирдин жүзүнөн качып, Таршышка алар менен бирге кетиш үчүн, кемеге түштү.
4Бирок Теңир деңизге катуу шамал жөнөттү, ошондо деңизде катуу бороон башталып, кеме талкалана турган болду.
5Кеме айдоочулардын үрөйү учуп, ар ким өз кудайын чакырды. Анан алар кемени жеңилдетиш үчүн, андагы жүктү деңизге ыргыта башташты. Жунус болсо кеменин ылдый жагына түшүп, жатып уктап калган эле.
6Ошондо кеме башчысы ага келип: «Сен эмне уктап жатасың? Тур, өз Кудайыңды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, өлбөй каларбыз», – деди.
7Анан алар бири-бирине: «Жүргүлө, өкчөмө таш ыргытып, кимдин айынан ушул кырсыкка кабылып жатканыбызды билели», – дешти. Өкчөмө таш ыргытышты, ал Жунуска түштү.
8Ошондо андан: «Айтчы, бул кырсыкка кимдин айынан кабылдык? Эмне иш кыласың? Кайдан келе жатасың? Кайсы өлкөдөнсүң? Кайсы элденсиң?» – деп сурашты.
9Жунус аларга: «Мен эвреймин, деңизди жана кургактыкты жараткан асмандагы Кудай-Теңирден корком», – деп жооп берди.
10Жунустун айтып бергенинен улам, алар анын Теңирдин жүзүнөн качып бара жатканын билишти. Ошондо алардын үрөйү учуп, ага: «Эмне үчүн мындай кылдың?» – дешти.
11Анан алар андан: «Деңиз тынчыш үчүн, биз сени эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Анткени толкун күчөп бара жаткан эле.
12Жунус аларга мындай деди: «Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем».
13Бирок ал адамдар кургактыкка жетиш үчүн, бардык күчү менен калак шилтей башташты, бирок жете алышкан жок, анткени деңизде аларга каршы толкун күчөдү.
14Ошондо алар Теңирди чакырып: «Оо Теңир, Сенден суранабыз, бул адамдын жаны үчүн биз кырылып калбасак экен, жазыксыз канды мойнубузга сала көрбө, анткени Сен, Теңир, Өзүңө эмне жакса, ошону кылдың!» – дешти.
15Анан Жунусту алып, деңизге ыргытышты. Ошондо деңиздеги толкун басылды.
16Ошондо бул адамдар Теңирден абдан коркуп калышты. Теңирге курмандык чалышты жана убадаларды беришти.