1Теңир бир чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болду.
2Жунус чоң балыктын ичинен өз Кудай-Теңирине сыйынды.
3Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Теңирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин үнүмдү уктуң.
4Сен мени деңиздин тереңине, деңиздин ортосуна ыргыттың, мени суу курчады, Сенин бүт иримдериң менен толкундарың менин үстүмдөн өттү.
5Ошондо мен: “Сенин көз алдыңдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык үйүңдү мен кайрадан көрөм”, – дедим.
6Мени суу курчап, жаныма коркунуч туулду, мени туңгуюк кучагына алды, башыма деңиз чөптөрү оролду.
7Мен тоолордун түбүнө чейин түштүм, жер мени өзүнүн кулпулары менен түбөлүккө бекитти. Бирок, Сен, менин Кудай-Теңирим, менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың.
8Жаным алсырап калганда, Теңирди эстедим, менин сыйынуум Сага, Сенин ыйык ийбадатканаңа жетти.
9Эч нерсеге арзыбаган жалган кудайларды урматтагандар өздөрүнүн боорукер Кудайын таштап коюшту.
10Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!»
11Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды.