1Анан Жунуска Теңирден экинчи жолу сөз болду:
2«Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла».
3Ошондо Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле.
4Жунус шаарды аралап, бир күндө канча жол басууга мүмкүн болсо, ошончо жол басып: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды.
5Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти.
6Бул сөз Нинеби падышасына жетти, ошондо ал тагынан туруп, үстүндөгү падыша кийимин чечип, зумбал кийип, күлгө отурду.
7Анан падыша өзүнүн жана төрөлөрүнүн атынан Нинебиде мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Адам да, мал да, өгүз да, кой да эч нерсе жебесин, жайытка чыкпасын, суу да ичпесин.
8Адамдар да, мал да зумбал жамынып, Кудайга боздоп жалынышсын, ар бири өзүнүн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартсын.
9Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, Өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз өлбөй каларбыз».
10Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок.