1Кудай Ата аркылуу ыйыкталган жана Ыйса Машайак аркылуу сакталган чакырылгандарга Ыйса Машайактын кулу, Жакыптын бир тууганы Жүйүттөн салам!
2Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин, силерде Анын сүйүүсү арта берсин!
3Сүйүктүү бир туугандар, силерге жалпы куткарылуу жөнүндө жазууга дилгир элем, бирок мен силерди ыйыктарга бир ирет берилген ишеним үчүн күрөшүүгө чакырууну зарыл деп таптым.
4Анткени силердин араңарга жашыруун түрдө кирип алган адамдар бар. Алар – Кудайыбыздын ырайымын бузуктукка алмаштырган, жалгыз Эгедерибиз жана Теңирибиз Ыйса Машайактан баш тарткан, кудайсыз адамдар. Алар үчүн байыртадан эле сот белгиленген.
5Силер баарын билсеңер да, мен Теңирдин Өз элин Мисир жеринен алып чыккандан кийин, ишенбегендерин жок кылып салганын,
6алгачкы абалын сактабай, өздөрүнүн жайын таштап кеткен периштелерди да түбөлүккө байлап, караңгылыкка камап, сот боло турган улуу күнгө сактап койгонун,
7ошолорго окшоп бузуктукка баткан жана бөлөк дененин артынан ээрчиген Содом, Амор шаарлары жана алардын тегерегиндеги шаарлар башкаларга сабак болуш үчүн, түбөлүк от жазасына тартылганын эскертким келет.
8Өздөрүнүн денесин булгаган, жогоркуларды тоготпой, жогорку бийликтегилерди жамандаган ошол кыялкечтерге да так ушундай болот.
9Башкы периште Михаел да Мусанын сөөгүн талашып, шайтан менен айтышканда, аны айыптоого батынбай: «Сага Теңир тыюу салсын!» – деп гана айткан.
10Булар болсо өздөрү билбегендеринин баарын жамандашат, өздөрүнүн табияты боюнча тилсиз жаныбарлардай, ал эми билген нерселери менен өздөрүн кыйратып жок кылышат.
11Аларга кайгы! Анткени алар Кабылдын жолу менен жүрүшөт; Биламга окшоп арам акчанын артынан түшүп адашып жүрүшөт; Корак сыяктуу каршы чыгып, өздөрүн өлүмгө дуушар кылып жатышат.
12Мындайлар силердин сүйүү кечиңерде азгырык болушат. Силер менен тойлоп, өздөрүн коркпостон семиртишет. Алар – шамал айдаган суусуз булуттар. Алар – тамыры менен жулунган, эки жолу өлгөн, жемишсиз күзгү дарактар.
13Алар – өзүнүн ыпылас нерселерин көбүктөнткөн деңиздин долу толкундары, адашкан жылдыздар. Алар үчүн караңгылыктын караңгылыгы түбөлүккө сакталып турат.
14Адам атадан кийинки жетинчи тукумдан чыккан Энох да алар жөнүндө: «Мына, Теңир бардыгын соттош үчүн, кудайсыздардын өздөрүнүн кудайсыздыгы менен жасаган иштеринин бетин ачуу үчүн, Ага каршы осол сөздөрдү айткан кудайсыз күнөөкөрлөрдү ашкерелөө үчүн, Өзүнүн түмөндөгөн ыйыктары менен келе жатат», – деп пайгамбарчылык кылган.
16Алар – күңкүлдөктөр жана эч нерсеге ыраазы болбогондор. Алар өздөрүнүн кумарларына жетеленип жашашат, ооз көптүрүп сүйлөшөт, өздөрүнүн пайдасы үчүн кошоматчылык кылышат.
17Бирок силер, сүйүктүү бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын элчилери тарабынан алдын ала айтылган сөздөрдү эсиңерден чыгарбагыла.
18Алар силерге: «Акыркы убакта өздөрүнүн ыпылас кумарларына жетеленип жашаган шылдыңчылдар пайда болот», – деп айтышкан.
19Алар – ортого жик салуучу, Руху жок, табигый адамдар.
20Сүйүктүү бир туугандар, силер болсо өзүңөрдү ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле, Ыйык Рухтун жетеги менен сыйынгыла.
21Түбөлүк өмүргө ээ болушуңар үчүн, Теңирибиз Ыйса Машайактан ырайым күтүп, өзүңөргө болгон Кудайдын сүйүүсүн сактап жашагыла.
22Олку-солку болуп жаткандарга боорукердик менен мамиле кылгыла.
23Ал эми кээ бирөөлөрдү оттон алып калган сыяктуу, коркутуу менен куткарып калгыла. Алардын денеси менен булганган кийиминен да жийиркенип, коркунуч менен ашкере кылгыла.
24Кылымдар мурун жана азыр, түбөлүктөн түбөлүккө даңк, улуулук, кубат жана бийлик силерди жыгылуудан сактай ала турган, Өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып, кубанычыңарды сактап тура ала турган, биздин Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Куткаруучубуз болгон жалгыз, акылман Кудайыбыздыкы! Оомийин.