Забур 1:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Кудайсыздардын кеңешмесине барбаган, күнөөкөрлөрдүн жолунда турбаган, бузулгандардын жыйынында отурбаган адам бактылуу.

2Ал Кудайдын мыйзамынан кубаныч алат, Анын мыйзамы тууралуу күнү-түнү ойлонот.

3Ошондо ал суу боюна отургузулган, мөмөсүн өз маалында берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Ал эмне иш кылбасын, бардык ишинде ийгиликке жетишет.

4Кудайсыздар мындай эмес, алар шамал сапырган топурактай.

5Ошондуктан кудайсыздар сотто туруштук бере алышпайт, ошондой эле күнөөкөрлөр адилеттүүлөрдүн жыйынында отура алышпайт.

6Анткени Теңир адилеттүүлөрдүн жолун билет, ал эми кудайсыздар өз жолунда жок болушат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
v>