Забур 10:1-7 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Теңирге таянам. Мага: «Куштай болуп тооңо учуп кет», – деп, кантип айтып жатасыңар?

2Анткени, мына, кудайсыздар караңгыда таза жүрөктөрдү атыш үчүн, жаа чоюп жатышат, жебени жаанын жибине салып жатышат.

3Пайдубалы бузулган соң, адил адам эмне кыла алат?

4Теңир Өзүнүн ыйык ийбадатканасында, Теңир асмандагы тактысында. Анын көздөрү адам баласын көрүп турат, каректери аларды сынап турат.

5Теңир адил адамды сындан өткөрөт, ал эми кудайсызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын жаны жек көрөт.

6Ал кудайсыздарга күйүп турган чокту, отту, күкүрттү жамгырдай жаадырат. Күйгүзгөн ысык шамал – алардын чөйчөктөгү үлүшү.

7Анткени Теңир адилеттүү, Ал чындыкты сүйөт. Анын жүзү адил адамды көрүп турат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>