Забур 100:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Дөөттүн забуру. Мен ырайым жана акыйкаттык жөнүндө ырдаймын. Теңир, мен Сага ырдаймын.

2Күнөөсүз жол жөнүндө ой жүгүртөм: «Сен мага качан келесиң?» Мен өз үйүмдө жүрөгүмдүн тазалыгы менен жүрөм.

3Мен өзүмдүн көз алдыма кереги жок буюмдарды койбойм. Кылмыш ишти жек көрөм, ал мага жабышпайт.

4Бузулган жүрөк менден алынат, жаман нерсени билбей калам.

5Өз жакынын жашыруун ушактаганды кууп чыгам. Текебер көзгө жана менменсинген жүрөккө чыдабайм.

6Менин көздөрүм жердеги ишенимдүүлөрдө, алар менин жанымда турушат. Күнөөсүз жолдо жүргөн адам мага кызмат кылат.

7Жүзү каралык менен иш кылгандар менин үйүмдө жашабайт, жалган сүйлөгөн адам менин алдымда турбайт.

8Теңирдин шаарынан мыйзамсыз иш кылгандардын баарын жок кылыш үчүн, жер үстүндөгү кудайсыздардын баарын таң азандан кыра баштайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>