Забур 101:1-29 KYB2004 - Bible AI

1Кыйналган адамдын сыйынуусу. Ал кайгыга чөгүп, Теңирдин алдында өзүнүн кайгысын төгүп жатат.

2Теңирим! Менин сыйынуумду ук, менин муң-зарым Сага жетсин.

3Менден Өз жүзүңдү жашырба, кайгыга чөккөн күнү мага кулак сал. Сени чакырган күнү мени тез ук.

4Анткени менин өмүрүм түтүн сыяктуу жок болду, сөөктөрүм чычаладай болуп күйүп калды.

5Жүрөгүм жараланып, чөптөй соолуду, ошондуктан мен өз нанымды жегенди да унутуп коюп жатам.

6Онтогон үнүм басылбай жатат, этим сөөктөрүмө жабышып калды.

7Мен чөлдөгү биргазанга окшоп калдым, урандылардын үстүндөгү үкүдөй болуп калдым.

8Уктабай, там башындагы жалгыз куштай болуп отурам.

9Күн сайын мени душмандарым кордоп жатышат, жамандык каалагандар мени каргап жатышат.

10Күлдү нан катары жеп жатам, суусундугумду көз жашым менен аралаштырып ичип жатам.

11Мунун баары Сенин мага каарданганыңдан, жаалданганыңдан улам болуп жатат, анткени Сен мени жогору көтөрдүң да, кайра жерге кулаттың.

12Менин өмүрүм өтүп бара жаткан көлөкөдөй, мен чөптөй соолуп калдым.

13Теңирим, Сен болсо түбөлүк турасың, Сени муундан-муунга унутушпайт.

14Сен кайра турасың, Сионду аяйсың, анткени ага ырайым кылуучу убакыт келди, анткени белгиленген убакыт келип калды.

15Сенин кулдарың анын таштарын да сүйүшөт, анын топурагын да аяшат.

16Ошондо бүт элдер Теңирдин ысымынан коркуп калышат, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сенин даңкыңдан коркуп калышат.

17Анткени Теңир Сионду кайрадан курат жана Өзүнүн даңкы менен келет.

18Ал алсыздардын сыйынуусуна назарын салат, алардын жалынуусун жек көрбөйт.

19Бул келе жаткан муун үчүн жазылып калат, ошондо келе жаткан муун Теңирди даңктайт.

20Анткени Ал Өзүнүн ыйык бийиктигинен жерди карап турат. Теңир асмандан жерге көз салып турат.

21Ал туткундардын онтогон үнүн угат, өлүмгө кыйылган уулдарды куткарат.

22Теңирдин ысымын Сиондо жарыя кылыш үчүн, Иерусалимде Аны макташ үчүн,

23бүт элдер чогулушат, падышачылыктар Теңирге кызмат кылыш үчүн жыйналышат.

24Теңир менин күчүмдү кетирди, менин күндөрүмдү кыскартты.

25Ошондо мен: «Кудайым! Мени өмүрүмдүн жарымында алып кетпе. Сенин жылдарың түбөлүктүү», – дедим.

26Башында Сен жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.

27Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет, Сен аларды кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт.

28Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок.

29Сенин кулдарыңдын уулдары жашашат, алардын тукуму Сенин алдыңда бекем болот.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>