1Дөөттүкү. Менин жаным, Теңирди даңкта; менин бүт ички дүйнөм, Анын ыйык ысымын даңкта.
2Менин жаным, Теңирди даңкта, Анын бардык жакшы иштерин унутпа.
3Ал сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат.
4Сенин өмүрүңдү көрдөн куткарат, ырайымы жана мээрими менен чулгайт.
5Сенин жашооңду жакшылыкка толтурат, жаштыгың бүркүттүкүндөй жашарат.
6Кордук көргөндөргө Теңир адилеттигин жана акыйкаттыгын көрсөтөт.
7Ал Өзүнүн жолдорун Мусага, Өзүнүн иштерин Ысрайыл уулдарына көрсөттү.
8Теңир кайрымдуу жана ырайымдуу, чыдамдуу жана абдан боорукер.
9Ал аягына чейин каарданбайт, Ал түбөлүк ачуулана бербейт.
10Ал бизге мыйзамсыз иштерибизге жараша жасаган жок, бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жок.
11Анткени асман жерден кандай бийик болсо, Теңирден корккондорго Анын ырайымы ошондой зор.
12Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты.
13Атасы балдарына ырайым кылгандай, Теңир Өзүнөн корккондорго ырайым кылат.
14Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет.
15Адамдын өмүрү чөп сыяктуу. Ал талаадагы гүлдөй гүлдөйт.
16Анын үстүнөн шамал жүрсө, ал жок болот, ал өскөн жер аны тааныбай калат.
17Ал эми Теңир ырайымын Өзүнөн корккондорго кылымдан кылымга көрсөтөт.
18Адилеттигин Өзүнүн келишимин сактаган, башкача айтканда, Өзүнүн осуяттарын унутпай аткарган уулдарынын уулдарына көрсөтөт.
19Теңир Өз тактысын асманга орнотту, Ал бардыгынын үстүнөн падышачылык кылат.
20Теңирдин сөзүнө баш ийип, Анын сөзүн аткарган Анын күчтүү периштелери, Теңирди даңктагыла!
21Анын бүт кошуундары, Анын эркин аткарган кызматчылары, Теңирди даңктагыла!
22Анын бардык иштери, Ал бийлик кылган бардык жерде Теңирди даңктагыла. Менин жаным, Теңирди даңкта!