Забур 103:1-35 KYB2004 - Bible AI

1Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирим, Кудайым! Сен укмуштуудай улуусуң, Сен даңк менен улуулукка чулгангансың.

2Сен жарыкты чапандай киесиң, асманды чатырдай жаясың.

3Сен үстүнкү бөлмөлөрүңдү суулардын үстүнө кургансың, булуттарды Өзүңө араба кыласың, шамалдын канаттарынын үстүндө жүрөсүң.

4Сен Өз периштелериңди шамал, Өз кызматчыларыңды жалындаган от кыласың.

5Сен жерди бекем негизге орноттуң: ал кылымдан кылымга бекем турат.

6Сен анын үстүн түпсүздүк менен жабуу жапкандай жаптың. Тоолорго сууларды жайгаштырдың.

7Сенин катуу буйругуңдан суулар качты, Сенин күркүрөгөн үнүңдөн качканча шашышты.

8Алар Сен дайындаган тоолорго чыгышат, өрөөндөргө түшүшөт.

9Сен алар өтө алгыс чек койдуң, ошондуктан алар жерди жабыш үчүн кайрылып келбейт.

10Сен булактын сууларын жибердиң: алар тоо арасынан агып жатышат,

11алар талаадагы жаныбарлардын баарын сугарат; жапайы эшектер суусунун кандырып жатышат.

12Алардын жанында асман куштары жашашат, бутактардын арасынан үн салып турушат.

13Өз бийиктиктериңден тоолорду сугарып турасың, жер Сенин иштериңдин жемишине тоёт.

14Сен мал үчүн чөп өстүрөсүң, адамдын пайдасы үчүн өсүмдүк өстүрөсүң, жерден азык өндүрөсүң.

15Адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамга кубат берген нанды бересиң.

16Теңир Өзү отургузган Теңирдин дарактары, Лебанон кедрлери, сугарылат.

17Алардын үстүнө куштар уя салышат: карагайлар – илегилектердин турак жайы,

18бийик тоолор – кийиктердин жайы, аскалар – суурлардын баш паанеги.

19Айды Ал убакытты билдирүү үчүн жаратты, күн өзүнүн качан батарын билет.

20Сен караңгылык каптатасың, ошондо түн болот. Түн ичинде бүт токой жаныбарлары жортуп жүрүшөт.

21Арстандар жем издеп айкырышат, Кудайдан өздөрүнө тамак сурашат.

22Күн чыкканда алар чогулуп, өздөрүнүн үңкүрлөрүнө жатышат.

23Адам өзүнүн жумушуна чыгып, кечке чейин иштейт.

24Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сен жараткан нерселерге толгон.

25Мына, чалкыган улуу деңиз. Андагы тирүү жандыктарга, чоң-кичине жаныбарларга сан жетпейт.

26Анда кемелер сүзүп жүрөт, анда Сен жараткан лебийатан оюн салып жүрөт.

27Бардыгы Сенин өз маалында тамак берүүңдү күтүшөт.

28Аларга берсең – жешет, колуңду ачсаң – берекеңе тоюшат.

29Жүзүңдү жашырсаң – дүрбөлөңгө түшүшөт, алардын жанын алсаң – өлүп, кайра топуракка айланышат.

30Эгерде Өзүңдүн рухуңду жиберсең – алар жаралышат. Ошентип, Сен жер бетин кайрадан жаңыртасың.

31Теңир түбөлүккө даңктала берсин! Теңир Өз иштерин көрүп кубансын!

32Жерди караса, жер титирейт; тоолорго тийсе, тоолор түтөйт.

33Өмүрүм өткөнчө, Теңирди даңктап ырдай берем; көзүм тирүү турганда, Кудайымды ырдап даңктай берем.

34Ырдаган ырым Ага жаксын, Теңир менен кубанам.

35Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок болушсун, мыйзамсыздар биротоло жок болушсун. Менин жаным, Теңирди даңкта! Теңирди даңктагыла!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>