1Теңирди даңктагыла. Анын ысымын чакыргыла. Анын иштерин бүт элдерге жарыя кылгыла.
2Аны мактап ырдагыла, Ага ырдагыла. Анын бардык кереметтери жөнүндө айтып ырдагыла.
3Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.
4Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн ар дайым издегиле.
5Ыбрайымдын тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалган адамдары, силер,
6Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн эсиңерге салгыла.
7Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Бүт жер жүзүндө Анын өкүмдөрү ишке ашып жатат.
8Ал Өзүнүн келишимин, муундан муунга осуят кылган сөзүн түбөлүккө унутпайт.
9Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.
10Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берген.
11Ал: «Канаан жерин мураска берем», – деген.
12Ошол убакта алардын саны аз эле, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.
13Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.
14Аларды эч кимге кордоткон эмес, падышаларга мындай деп эскерткен:
15«Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла».
16Жерге ачарчылык чакырган, бардык эгинди жок кылган.
17Алардын алдына бир адамды жиберген: Жусуп кулдукка сатылган.
18Анын буттарын кишен менен кысышкан, анын жаны темир торго кирген.
19Теңирдин сөзү ишке ашканга чейин ушундай болду: аны Теңирдин сөзү сынады.
20Падыша киши жиберип, аны эркиндикке чыгарды; аны эл башчысы бошотту.
21Төрөлөрүнө өзү каалагандай көрсөтмө берип, аксакалдарга акыл үйрөтүшү үчүн,
22падыша аны падыша сарайынын, өз мал-мүлкүнүн үстүнө башкаруучу кылып койду.
23Ошондо Ысрайыл Мисирге келди, Жакып Хам жерине көчүп келди.
24Кудай Өз элин аябай көбөйттү, аны душмандарынан күчтүү кылды.
25Алардын жүрөгүн Өз элин жек көрүүгө, Өз кулдарына каршы куулук кылууга козгоду.
26Анан Өз кулу Мусаны, Өзү тандап алган Арунду жөнөттү.
27Алар Хам жеринде Теңирдин сөзү боюнча жышаандарды жана кереметтерди көрсөтүштү.
28Караңгылык жиберип, караңгы кылды, ошондо эч ким Анын сөзүнө каршы чыккан жок.
29Алардын сууларын канга айландырып, балыктарын кырып жок кылды.
30Алардын жерин, атүгүл, падышаларынын уктоочу бөлмөлөрүн да курбака каптап калды.
31Ал айтары менен, алардын бардык жерин ар кандай курт-кумурска, чымын-чиркей каптап калды.
32Алардын жерине жамгыр ордуна мөндүр, куйкалаган от жиберди.
33Алардын жүзүмзарлары менен анжырларын талкалады, алардын аймагындагы бак-дарактарды кыйратты.
34Ал айтары менен, сан жеткис чегиртке, кырк аяк каптап калды.
35Алардын жериндеги чөптүн баарын, талааларындагы жемиштерди жеп салышты.
36Теңир ошол жердеги бардык тунгучтарды, алардын күч башаттарынын баарын кырып салды.
37Анан ысрайылдыктарды алтын, күмүш менен алып чыкты, алардын урууларында ооругандар болгон жок.
38Мисир эли алардын кеткенине кубанды, анткени алардан коркуп калышкан эле.
39Теңир аларды калкалоого булут жөнөттү, аларга түн ичинде жарык берип турушу үчүн, от жиберди.
40Алар сурашты, ошондо Ал бөдөнөлөрдү жиберди, аларды асман наны менен тойгузду.
41Ташты жарды, ошондо суулар акты, суулар кургак жерлерге дарыя болуп акты.
42Анткени Ал Өз кулу Ыбрайымга айткан Өзүнүн ыйык сөзүн эстеди.
43Ошентип, Ал Өз элин кубаныч менен алып чыкты, Өзүнүн тандалган адамдарын салтанат менен алып чыкты.
44Алар Өзүнүн буйруктарын аткарышы үчүн, мыйзамдарын сакташы үчүн,
45Теңир аларга башка элдердин жерлерин берди, алар бөлөк элдердин мал-мүлкүн ээлеп алышты. Теңирди даңктагыла!