Забур 105:1-48 KYB2004 - Bible AI

1Теңирди даңктагыла. Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

2Кудайдын кудуреттүү иштерин ким айтып бүтө алат? Анын бүт даңкын ким жар салып бүтө алат?

3Акыйкаттыкты сактагандар жана адилет иш кылгандар бактылуу!

4Өз элиңе ырайым кылганда, мени эсте, Теңирим. Мага Өзүңдүн куткарууң менен кел!

5Өзүң тандап алгандардын жыргал турмушун көрөйүн, элиңдин кубанганын көрүп кубанайын, Өзүңдүн мурасың менен сыймыктанайын.

6Биз өзүбүздүн ата-бабаларыбызга окшоп күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, жалган иштерди жасадык.

7Биздин ата-бабаларыбыз Мисирде Сенин кереметтериңди түшүнүшкөн жок, Сенин көп жолу көрсөткөн ырайымыңды эстешкен жок, деңиздин жанында, Кызыл деңиздин жанында нааразы болушту.

8Бирок Теңир аларды Өз ысымы үчүн, Өз кудуретин көрсөтүү үчүн куткарды.

9Ал Кызыл деңизге катуу сүйлөдү эле, ал соолуп калды. Аларды тереңдиктен кургак жер менен өткөндөй алып өттү.

10Аларды жек көргөндөрдүн колунан куткарды, душмандардын колунан бошотту.

11Суу алардын душмандарын басып калды, алардын бири да тирүү калган жок.

12Ошондо алар Теңирдин сөзүнө ишенип, Аны даңктап ырдашты.

13Бирок Анын иштерин тез эле унутуп коюшту, Анын буйруктарын күтүшкөн жок.

14Алар чөлдө каалоолоруна берилишти, Кудайды эл жашабаган жерде сынашты.

15Теңир алардын сураганын аткарды, бирок алардын жандарына оору жиберди.

16Алар кошуунда Теңирдин ыйыктары Муса менен Арунга көз артышты.

17Жер ачылып, Датанды жутуп алды; Абырамды тууган-уругу менен кошо жер басып калды.

18Алар топтошкон жерден от чыкты, кудайсыздарды жалын күйгүзүп кетти.

19Алар Хореп тоосунда музоо жасап алып, ошол жасалма кудайга табынышты.

20Ошентип, өздөрүнүн даңкын чөп жеген музоонун айкелине алмаштырышты.

21Мисирде улуу ишти жасаган өздөрүнүн куткаруучу Кудайын унутуп коюшту.

22Анын Хам жеринде көрсөткөн кереметтерин, Кызыл деңизде кылган коркунучтуу иштерин унутуп коюшту.

23Ошондо Кудай аларды кырып салгысы келди, бирок Кудайдын тандап алган адамы Муса Анын каарын токтотуу үчүн, асканын жаракасына тура калды, болбосо Кудай алардын баарын кырып салмак.

24Алар өздөрү эңсеген жерди жек көрүштү, Анын сөзүнө ишенишкен жок.

25Өз чатырларында наалышты, Теңирдин үнүнө кулак салышкан жок.

26Ошондо Кудай Өзүнүн колун көтөрүп, аларды чөлдө жок кылам деп,

27алардын тукумун башка элдердин арасында кыйратам деп, аларды жер жүзүнө таратып жиберем деп ант берди.

28Алар Баал-Пейор деген жасалма кудайга жабышып, жансыз кудайларга чалынган курмандыктарды жешти.

29Алар Кудайды өздөрүнүн иштери менен каардантышты, ошондо аларды жугуштуу оору каптады.

30Пинехас чыгып, акыйкат чара көрдү, ошондо жугуштуу оору токтоду.

31Бул ага кылымдар бою, укумдан-тукумга адилеттик катары эсептелинди.

32Алар Мериба суусунун боюнда Кудайды каардантышты, алар үчүн Муса жабыр тартты.

33Анткени алар анын рухун капалантышты, ошондо Муса тили менен күнөө кетирди.

34Алар Теңир айткан элдерди жок кылышкан жок.

35Тескерисинче, бутпарас элдер менен аралашып, алардын иштерин үйрөнүп алышты.

36Алардын жасалма кудайларына кызмат кылышты, ошолор алар үчүн тор болду.

37Өздөрүнүн уулдары менен кыздарын жиндерге курмандыкка чалышты.

38Айыпсыз кан төгүштү, өздөрүнүн уулдары менен кыздарынын канын төгүштү, аларды канаандыктардын жасалма кудайларына арнап курмандыкка чалышты. Ошентип, жер кан менен булганды.

39Өз иштери менен өздөрүн булгашты, иш-аракети менен бузукулук кылышты.

40Ошондо Кудай Өз элине каарданды, Өз мурасынан жийиркенди.

41Ошон үчүн аларды бутпарастардын колуна салып берди, аларды жек көргөндөр аларды башкарып калышты.

42Аларды өз душмандары кысымга алышты, алар душмандарынын кол астында моюн сунушту.

43Теңир аларды көп жолу куткарган эле, бирок алар Теңирди өздөрүнүн кежирлиги менен каардантышты. Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыз иштери үчүн кордолушту.

44Бирок Кудай алардын ыйын укканда, алардын кайгысына назар салды.

45Өзүнүн алар менен түзгөн келишимин эстеди. Аябай ырайымдуу болгондуктан, аларды аяды.

46Аларды туткундагандардын жүрөгүндө боорукердикти ойготту.

47Бизди куткар, Кудай-Теңирибиз, бизди башка элдердин арасынан чогултуп ал. Биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы.

48Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңктала берсин! Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – десин.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>