1Ыр. Дөөттүн забуру.
2Кудайым, Менин жүрөгүм даяр. Мен ырдайм, аспап чертип ырдайм, ойгон, жаным!
3Ойгон, арфа жана гусли! Мен эрте турам.
4Теңир, мен Сени элдер арасында даңктайм. Мен Сени уруулар арасында мактап ырдайм.
5Анткени Сенин ырайымың асмандан бийик, Сенин ишенимдүүлүгүң булуттарга чейин жетет.
6Жогору көкөлө, Кудайым. Бүт жер үстүндө Сенин даңкың болсун.
7Сенин сүйүктүүлөрүң бошотулсун: мени Өзүңдүн оң колуң менен куткар, мага кулак сал.
8Кудай Өзүнүн ыйык жайында мындай деди: «Жеңишке жетем, Шекемди бөлөм, Сукот өрөөнүн өлчөйм.
9Гилат да, Менаше да Меники, Эпрайым – Менин башымдагы туулга, Жүйүт Менин бийлик таягым.
10Маап Менин жууна турган чылапчыным. Эдомго өтүгүмдү сунам. Пелишти жерин жеңип, жеңиш үнү менен кыйкырам».
11Ким мени бекем чептүү шаарга киргизет? Ким мени Эдомго жеткирет?
12Кудайым, Сен бизди таштап койдуңбу? Кудайым, биздин аскерлер менен согушка чыкпайсыңбы?
13Бизге кысталышта жардам бер, анткени адамдын жардамы – курулай убаракерчилик.
14Кудай менен күчтүүбүз, Ал душмандарыбызды кулатат.