Забур 108:1-31 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Мен даңктаган Кудай! Унчукпай койбо.

2Анткени кудайсыздар менен арамзалар мага каршы ооздорун ачышты, алар мага калп сүйлөп жатышат.

3Мага бардык жактан, туш-туштан жек көрүү менен сүйлөшөт, мага каршы себепсиз эле куралданып жатышат.

4Сүйүүм үчүн алар мага каршы чыгып жатышат, мен болсо сыйынып жатам.

5Жакшылыгым үчүн мага жамандык кылып жатышат, сүйүүм үчүн мени жек көрүп жатышат.

6Анын үстүнө кудайсызды кой, айыптоочу анын оң жагында турсун.

7Сот болгондо, күнөөлүү болуп чыксын, анын сыйынуусу күнөө болуп эсептелсин.

8Анын өмүрү кыска болсун, анын ардактуу ордун башка бирөө алсын.

9Анын балдары жетим калсын, аялы жесир калсын.

10Балдары тентип, кайыр сурашсын, өздөрүнүн ураган үйүнүн алдында тамак сурап отурушсун.

11Карыз берген адам анын болгон нерсесин көтөрүп кетсин, анын эмгегин башка бирөөлөр талап кетишсин.

12Ага эч кимдин боору оорубасын, анын жетимдерине эч ким ырайым кылбасын.

13Анын тукуму кырылсын, алардын аты өчсүн.

14Анын ата-бабаларынын мыйзамсыз иштери Теңирдин алдында унутулбасын, анын энесинин күнөөсү өчүрүлбөсүн.

15Алар ар дайым Теңирдин көз алдында болушсун, Теңир алардын ысымын жер үстүнөн өчүрсүн.

16Анткени ал ырайым кылуу жөнүндө ойлогон жок, тескерисинче, бей-бечара, жакыр, жүрөгү жаралуу адамды өлтүрүш үчүн куугунтукка алган.

17Каргышты жакшы көрдү, ал анын башына тийди. Батаны каалаган жок, андан ажырады.

18Каргышты чапандай кийип жүрсүн; каргыш суудай болуп, анын ичине кирсин; майдай болуп, анын сөөгүнө кирсин.

19Каргыш ага кийип жүргөн кийимдей болсун, ар дайым өзү курчанып жүргөн курдай болсун.

20Менин душмандарым жана мага каршы сүйлөгөндөр Теңирден ушундай жаза алышат!

21Мага болсо, Теңирим, Теңирим, Өз ысымың үчүн кыл, анткени Сенин ырайымың жакшы, мени куткар.

22Анткени мен жардымын жана жакырмын, менин жүрөгүм жаралуу.

23Мен өтүп бара жаткан көлөкөдөй жок болуп бара жатам. Мени чегирткедей кубалап жатышат.

24Орозодон тизелерим алсырады, денемден май кетти.

25Мен аларга күлкү болдум. Мени көргөндө, баштарын чайкашат.

26Мага жардам бер, Теңирим, Кудайым! Мени Өзүңдүн ырайымың менен куткар.

27Теңирим, бул Сенин колуң экенин, муну Сен кылганыңды билишсин.

28Алар каргап жатышат, бирок Сен мага батаңды бер, алар каршы чыгып жатышат, бирок уятка калышсын, Өзүңдүн кулуң болсо кубансын.

29Душмандарымдын абийири төгүлсүн, шылдыңды кийимдей кийишсин.

30Ошондо мен катуу үн менен Теңирди даңктайм, сансыз элдин арасында Аны даңазалайм.

31Анткени жанын соттогондордон куткаруу үчүн, Теңир жакырдын оң жагында турат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>