1Дөөттүн забуру. Теңир менин Теңириме: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур», – деди.
2Теңир Сенин күчүңдүн таягын Сиондон жиберет: Өз душмандарыңдын арасында бийлик жүргүз.
3Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет.
4Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү ыйык кызмат кылуучусуң».
5Теңир Сенин оң жагыңда. Ал Өз каарын төккөн күнү падышаларды өлтүрөт.
6Бүт элдерди соттойт, жер бетин өлүккө толтурат, кенен жерде душмандардын баштарын талкалайт.
7Жолдо шар аккан суудан ичет, ошондуктан башын жогору көтөрөт.