Забур 11:1-9 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Сегиз кылдуу аспап менен. Дөөттүн забуру.

2Теңир, куткар, анткени адил адамдар калбай калды, адам баласынын арасында ишенимдүүлөр жок.

3Ар ким өз жакынына жалган айтууда. Жүрөктөрүнүн анткорлугунан кошомат кылып сүйлөшөт.

4Теңир текебердене сүйлөгөндөрдү, кооздоп сүйлөгөндөрдү кырып жок кылат.

5«Биз тилибиз менен жеңебиз, оозубуз өзүбүздүкү, эмне айтсак, өзүбүз билебиз, бизге ким кожоюн экен?» дегендерди Теңир жок кылат.

6«Кедейлерди талап-тоноп жатышкандыктан, жакырлар онтоп жатышкандыктан, азыр ордуман турам да, мыйзамсыз тарабынан кысымга алынып жаткан адамга жардам берем», – дейт Теңир.

7Теңирдин сөздөрү – таза сөздөр, топурактан тазаланып, меште жети жолу эритилген күмүш.

8Теңир, Сен аларды сактайсың, аларды ушундай адамдардан түбөлүккө коргойсуң.

9Адамдардын начары жогору көтөрүлгөндө, бардык жерде кудайсыздар көбөйөт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>