1Теңирди даңктагыла. Теңирим, мен Сени чын жүрөгүм менен адил адамдардын кеңешмесинде жана жыйындарда даңктайм.
2Теңирдин иштери улуу, Анын иштерин сүйгөндөрдүн бардыгына алар суктанарлык.
3Анын иши – даңк жана сулуулук, Анын адилеттиги түбөлүктүү.
4Ал Өзүнүн кереметтерин унутулгус кылып койгон. Теңир ырайымдуу жана боорукер.
5Теңир Өзүнөн корккондорго тамак берет. Өз келишимин түбөлүккө унутпайт.
6Бутпарастардын мурасын Өз элине берүү үчүн, ага Өз иштеринин күчүн көрсөттү.
7Анын колунун иштери – чындык жана акыйкаттык. Анын осуяттары туура,
8кылымдан кылымга бекем турат, чындык менен адилеттикке негизделген.
9Ал Өз элине куткаруу жөнөттү. Өз келишимин түбөлүккө сактаганга берди. Анын ысымы ыйык жана коркунучтуу!
10Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Анын буйруктарын аткаруучулардын баары акылдуу. Даңк Ага түбөлүккө таандык.