1Теңирди даңктагыла. Теңирден корккон жана Анын осуяттарын чын жүрөктөн сүйгөн адам бактылуу.
2Анын тукуму жер үстүндө күчтүү болот. Адил адамдардын тукуму Кудайдын батасын алат.
3Анын үйүндө молчулук жана байлык болот, анын адилеттиги түбөлүктүү.
4Караңгыда адил адамдарга жарык болот, анткени Ал ырайымдуу, боорукер жана адилет.
5Жакшы адам ырайым кылып, карыз берет. Ал өз иштерин адилеттик менен жүргүзөт.
6Ал эч качан мүдүрүлбөйт, адил адам эч качан унутулбайт.
7Ал жаман сөздөн коркпойт, Теңирге таянгандыктан, анын жүрөгү бекем.
8Анын жүрөгү туруктуу. Ал душмандарын көргөндө, коркуп кетпейт.
9Ал өзүнүн мал-мүлкүн жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүктүү, анын мүйүзү даңк менен көккө көтөрүлөт.
10Кудайсыз адам муну көрүп ачууланат, тиштерин кычыратып, өзүнөн өзү жок болот. Кудайсыздардын тилеги орундалбайт.