1Теңирди даңктагыла. Теңирдин кулдары, Теңирди даңктагыла, Теңирдин ысымын даңктагыла!
2Теңирдин ысымы азыр жана түбөлүккө даңктала берсин.
3Күн чыгыштан күн батышка чейин Теңирдин ысымы даңкталсын.
4Теңир бардык элдерден жогору, Анын даңкы асмандан жогору.
5Биздин Кудай-Теңирибиздей ким бар?
6Жогоруда тактыда отурган Ал асман менен жерге көз салып туруш үчүн, бийиктен эңкейет.
7Кедейди топурактан көтөрүп, жакырды балчыктан чыгарат.
8Аны төрөлөр менен, элдин башчылары менен бирге отургузат.
9Үйүндө отурган төрөбөгөн аялды балдарына кубанган эне кылат. Теңирди даңктагыла!