1Ысрайыл эли Мисирден, Жакыптын тукуму бөлөк элдердин арасынан чыккан кезде,
2Жүйүт Теңирдин ыйык эли болуп калды, Ысрайыл Анын энчиси болуп калды.
3Муну көрүп, деңиз артка качты; Иордан артты көздөй акты.
4Тоолор койлордой, адырлар козулардай секирди.
5Деңиз, сага эмне болду, эмнеге артка качтың? Иордан, сага эмне болду, эмнеге артты көздөй актың?
6Тоолор, силер эмне үчүн койлордой, адырлар, силер эмне үчүн козулардай секирип жатасыңар?
7Жер, Теңирдин алдында, Жакыптын Кудайынын алдында титире.
8Ал асканы көлдүн суусуна, ташты булакка айландырат.
9Бизди эмес, Теңир, бизди эмес, Өз ырайымың үчүн, Өз чындыгың үчүн Өз ысымыңды даңкта!
10Бутпарастар: «Булардын Кудайы кайда?» – деп айтышпасын.
11Биздин Кудайыбыз асманда; эмнени кааласа, ошону кылат.
12Ал эми тигилердин жасалма кудайлары – күмүш жана алтын, адамдын колу менен жасалган нерселер.
13Алардын ооздору бар, бирок сүйлөбөйт; алардын көздөрү бар, бирок көрбөйт.
14Алардын кулактары бар, бирок укпайт; алардын мурундары бар, бирок жыт билбейт.
15Алардын колдору бар, бирок сезбейт; алардын буттары бар, бирок баса албайт; алардын көмөкөйүнөн үн чыкпайт.
16Аларды жасагандар жана алардан үмүт кылгандардын баары ошолорго окшоп калышсын.
17Ысрайыл тукуму! Теңирге таян: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.
18Арундун тукуму! Теңирге таян: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.
19Теңирден корккондор! Теңирге таянгыла: Ал биздин жардам берүүчүбүз жана калканыбыз.
20Теңир бизди унуткан жок, бизге батасын берип жатат, Ысрайылдын тукумуна батасын берип жатат, Арундун тукумуна батасын берип жатат.
21Ал Теңирден корккондорго – чоңдорго да, кичинелерге да батасын берип жатат.
22Теңир силерге да, силердин балдарыңарга да мындан да көп батасын берсин.
23Силер асман менен жерди жараткан Теңирден бата алгансыңар.
24Асман – Теңирдин асманы, ал эми жерди Ал адам баласына берген.
25Теңирди өлгөндөр, көргө киргендердин бири да даңазалабайт.
26Бирок биз Теңирди азыр жана түбөлүккө даңазалайбыз.