1Теңир менин үнүмдү, жалынуумду укканына кубанам.
2Ал мага кулак салды, ошондуктан мен Аны өмүрүм өткөнчө чакырам.
3Мени өлүм торлору чырмап алды, мага өлгөндөр жаткан жайдын кыйноолору жетти; мен кысталышта калдым, кайгыга туш болдум.
4Ошондо мен: «Теңир! Менин жанымды куткар», – деп, Теңирдин ысымын чакырдым.
5Теңир ырайымдуу жана адилет, биздин Кудайыбыз боорукер.
6Теңир куулугу жок адамдарды сактайт: мен алсырап калганда, Ал мага жардам берди.
7Жаным, өзүңдүн бейпил жайыңа кайт, анткени Теңир сага ырайым кылды.
8Сен менин жанымды өлүмдөн, көздөрүмдү жаштан, буттарымды мүдүрүлүүдөн куткардың.
9Мен Теңирдин алдында, тирүүлөрдүн жеринде жашайм.