1Мен ишенгем, ошондуктан: «Мен катуу кыйналдым», – дедим.
2Мен ойлонбой туруп: «Бардык адамдар алдамчы», – дедим.
3Теңирдин мага кылган бардык жакшылыгын кантип актайм?
4Куткаруу чөйчөгүн кабыл алып, Теңирдин ысымын чакырам.
5Теңирге берген убадаларымды Анын бүт элинин алдында аткарам.
6Теңирдин көз алдында Өзүнүн ыйыктарынын өлүмү кымбат!
7О Теңир! Мен Сенин кулуңмун, мен Сенин кулуңмун, мен Сенин күңүңдүн уулумун. Сен менин кишендеримди чечтиң.
8Сага мактоо курмандыгын арнайм, Теңирдин ысымын чакырам.
9Теңирге берген убадаларымды Анын бүт элинин алдында аткарам.
10Аларды Теңир үйүнүн короосунда, Иерусалим, сенин ичиңде аткарам! Теңирди даңктагыла!