1Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.
2Ысрайыл тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.
3Арундун тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.
4Теңирден корккондор: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – дешсин.
5Кысталышта калганда, Теңирди чакырдым, Ал угуп, мени кенен жерге алып чыкты.
6Теңир мени менен, мен коркпойм: адам мага эмне кыла алат?
7Теңир менин жардам берүүчүм: душмандарымды жалтанбай карайм.
8Адамдан үмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.
9Төрөлөрдөн үмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.
10Бардык элдер мени курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.
11Мени тегеректеп курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.
12Алар мени аарыдай курчап алышты, бирок алар тикенек күйүп өчкөндөй өчүштү, мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.
13Алар мени жыгыш үчүн, катуу түртүштү, бирок Теңир мага жардам берди.
14Теңир менин күчүм жана ырым. Ал менин куткарылуум болуп калды.
15Куткарылуунун жана кубанычтын үнү адил адамдардын үйүндө: Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.
16Теңирдин оң колу бийик, Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.
17Мен өлбөйм, жашай берем, Теңирдин иштерин жарыя кыла берем.
18Теңир мени катуу жазалады, бирок өлүмгө кыйган жок.
19Мага чындыктын дарбазаларын ачкыла. Мен алар аркылуу кирип, Теңирди даңктайм.
20Бул дарбазалар Теңирдики. Адил адамдар алар аркылуу киришет.
21Мени угуп куткарганың үчүн, Сени даңктайм.
22Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.
23Бул Теңирден, бул биз үчүн таң каларлык.
24Бул күндү Кудай жараткан: бул күнү кубаналы, көңүлүбүздү көтөрөлү!
25Оо Теңир, куткара көр! Оо Теңир, бизге ийгилик бере көр!
26Теңирдин атынан келе жаткан бактылуу! Силерге Теңирдин үйүнөн бата беребиз.
27Кудай – Теңир, Ал бизге жарыгын чачты. Курмандыкты курмандык чалынуучу жайдын мүйүзүнө байлагыла.
28Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңктайм. Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңазалайм.
29Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.