1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Кайгырып турганымда, Теңирди чакырдым, Ал мени укту.
2Теңир! Менин жанымды жалганчынын оозунан, амалкөйдүн тилинен куткар.
3Амалкөй тил сага эмне берип, эмне кошот?
4Күчтүүнүн курч жебелери менен сөксөөлдүн чогун.
5Мешехте турганым үчүн, Кейдар чатырларында жашаганым үчүн, мага кайгы.
6Менин жаным тынчтыкты жек көргөндөр менен бирге көпкө жашады.
7Мен тынчтыкты каалаган адаммын, бирок мен сүйлөсөм эле, алар согушканга даяр.