Забур 12:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2Теңир, качанга чейин мени көз жаздымыңда калтыра бересиң? Качанга чейин менден жүзүңдү жашыра бересиң?

3Качанга чейин мен өз жаным менен өзүм кеңешем, күнү-түнү кайгырып азап тартам? Качанга чейин душманым мага үстөмдүк кылат?

4Назарыңды сал, мени ук, Теңирим, Кудайым! Көзүмдү ач, түбөлүк уйкуга кетпейин.

5Душманым: «Аны жеңдим», – дебесин. Мүдүрүлүп кетсем, куугунтукка алгандар сүйүнбөсүн.

6Мен болсо Өзүңдүн ырайымыңа таянам. Жүрөгүм Сенин куткарууңа кубанат. Мага ырайым кылган Теңирди мактап ырдайм.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>