Забур 120:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Мен тоо тарапка көз чаптырам, мага жардам кайдан келет?

2Жардам мага асман-жерди жараткан Теңирден келет.

3Ал сенин бутуңдун мүдүрүлүүсүнө жол бербейт, сени Сактоочу үргүлөбөйт.

4Ысрайылды Сактоочу үргүлөбөйт да, уктабайт.

5Теңир сенин Сактоочуң; Теңир сенин оң жагыңдагы далдаа.

6Күндүзү күн, түнкүсүн ай сага зыян келтирбейт.

7Теңир сени ар кандай жамандыктан коргойт, сенин жаныңды Теңир сактайт.

8Теңир азыр жана түбөлүккө сени чыкканыңда да, киргениңде да сактайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>