1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Дөөттүкү. «Жүр, Теңирдин үйүнө барабыз», – дешкенде, сүйүнүп кеттим.
2Иерусалим, биздин буттарыбыз сенин дарбазаңдын алдында турат,
3Иерусалим, сен бир бүтүн шаар болуп курулгансың.
4Ал шаарга уруулар, Теңирдин уруулары киришет. Алар Ысрайыл мыйзамы боюнча Теңирдин ысымын даңазалаганы киришет.
5Ал шаарда сот тактылары, Дөөт тукумунун тактылары турат.
6Иерусалимге тынчтык сурагыла: «Сени сүйгөндөр бейпил өмүр сүрүшсүн!
7Сенин дубалдарыңда тынчтык, үйлөрүңдө бейпилчилик болсун!
8Өзүмдүн бир туугандарым менен жакындарым үчүн айтып жатам: “Сага тынчтык каалайм!”
9Кудай-Теңирибиздин үйү үчүн сага жыргалчылык каалайм».