Забур 122:1-4 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Асманда жашаган Кудай, көзүм Сенде!

2Кулдардын көздөрү мырзаларынын колдорун карагандай, күңдөрдүн көздөрү мырзайымдарынын колдорун карагандай, Кудай-Теңирибиз бизге качан ырайым кылат деп, биздин көзүбүз да Аны карап турат.

3Бизге ырайым кыл, Теңир, бизге ырайым кыл, анткени жетишерлик эле жек көрүндү болдук.

4Менменсингендердин шылдыңы, текеберлердин кордугу жаныбызга батты.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>