Забур 123:1-8 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Дөөттүкү. «Теңир биз менен болбогондо, – деп айтсын Ысрайыл, –

2адамдар бизге каршы чыкканда, Кудай биз менен болбогондо,

3алар бизге жаалданганда, бизди тирүүлөй жутуп коюшмак.

4Бизди суулар басып калмак, ташкындаган суулар жаныбыздын үстүнөн өтмөк.

5Биздин жаныбыздын үстүнөн шаркыраган суулар өтмөк».

6Теңирге даңк! Ал бизди алардын тиштерине жем кылган жок.

7Биздин жаныбыз кушчунун торунан кутулган канаттуудай кутулду. Тор айрылып, биз кутулдук.

8Биздин жардамыбыз асман менен жерди жараткан Теңирдин ысымында.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>