Забур 124:1-5 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңирге таянган адам Сион тоосу сыяктуу ордунан жылбайт, түбөлүк турат.

2Тоолор Иерусалимди курчап турат, Теңир болсо Өз элин азыр жана түбөлүк курчап турат.

3Адил адамдардын колдору мыйзамсыз ишке барбашы үчүн, Теңир алардын тагдырына кудайсыздардын үстөмдүк кылуусуна жол бербейт.

4Ак ниеттерге жана жүрөгү тазаларга жакшылык кыл, Теңирим.

5Өздөрүнүн түз эмес жолдоруна азгырылгандарды болсо Теңир мыйзамсыз иш кылгандар менен калтырсын. Ысрайылга тынчтык болсун!

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>