Забур 125:1-6 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңир Сиондун туткундарын кайра алып келгенде, биз түш көргөндөй болгонбуз.

2Ошондо оозубуз күлкүгө, тилибиз ырга толгон. Ошондо элдер өз ара: «Теңир булар үчүн чоң иш кылды», – деп айтышкан.

3Теңир биз үчүн улуу иш кылды, биз кубандык.

4Теңир, чөлгө суу жибергендей, биздин туткундарды кайра алып кел!

5Көз жаш төгүп сепкендер кубанып оруп алышат.

6Yрөндөрүн талаага ый менен көтөрүп баргандар боолорун кубаныч менен көтөрүп кайтышат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>