Забур 126:1-5 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Сулаймандыкы. Эгерде үйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени бекер. Эгерде шаарды Теңир сактабаса, сакчынын уктабай сак турганы бекер.

2Силердин эрте туруп, кеч жатып, кыйналып нан таап жегениңер бекер. Анткени Ал аны Өзү сүйгөн адамга уктап жатканында да берет.

3Балдар – Теңир берген мурас. Перзенттер – Ал берген сыйлык.

4Жаш балдар күчтүүнүн колундагы жебелердей.

5Саадагын аларга толтурган адам бактылуу! Алар душмандары менен дарбаза алдында сүйлөшкөндө, уятка калышпайт.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
div>