1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңирден корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу!
2Сен өз колуңдун эмгегинен жейсиң. Сен бактылуусуң, сага жакшы болсун!
3Аялың үйүңдө мөмөлүү жүзүмдөй. Дасторконуңдун тегерегинде отурган уулдарың зайтун дарагынын бутактарындай.
4Теңирден корккон адам мына ушундай бата алат!
5Теңир сага Сиондон батасын берет, сен өмүрүңдүн аягына чейин Иерусалимдин жыргал турмушун көрөсүң.
6Уулдарыңдын уулдарын көрөсүң. Ысрайылга тынчтык болсун!