1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. «Мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, – деп айтсын Ысрайыл, –
2мени жаш күнүмдөн көп кысымга алышты, бирок жеңе алышкан жок.
3Менин жонума сокочулар узун бороздорду салып жер айдашты».
4Бирок Теңир адилет: Ал кудайсыздардын аркандарын кыя чапты.
5Сионду жек көргөндүн баары уятка калып артына качсын.
6Алар жулуна электе эле куурап калган там башындагы чөптөй болушсун.
7Ал чөпкө орокчунун колу толбойт, боолукчунун уучу толбойт.
8Алардын жанынан өткөндөр: «Теңирдин батасы силердин үстүңөрдө болсун! Силерге Теңирдин ысымы менен бата беребиз!» – деп айтышпайт.