1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Тереңдиктен Сени чакырам, Теңирим.
2Теңирим! Менин үнүмдү ук. Менин жалынуумду көңүл коюп ук.
3Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе сактай берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?
4Бирок Сенде кечирим бар, баары Сенин алдыңда коркуп турушсун.
5Мен Теңирден үмүттөнөм, жаным үмүттөнөт. Мен Анын сөзүнө таянам.
6Менин жаным Теңирди таңдын атышын күткөн сакчылардан да, таңдын атышын күткөн сакчылардан да артык күтөт.
7Ысрайыл эли Теңирге таянсын, анткени Теңирде ырайым жана толук куткарылуу бар.
8Ал Ысрайыл элин бардык мыйзамсыз иштеринен куткарат.