Забур 13:1-7 KYB2004 - Bible AI

1Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Акылсыз адам жүрөгүндө: «Кудай жок», – дейт. Алар бузулуп, жийиркеничтүү иштерди жасашты. Жакшылык кылган бир да адам жок.

2Акылдуу, Кудайды издеген адам бар бекен деп, Теңир асмандан адам баласын карады.

3Бардыгы жолдон чыгып, бардыгы бирдей жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган адам жок, бирөө да жок.

4Мыйзамсыз иш кылгандар, менин элимди нандай жегендер, Теңирди чакырбагандар, чын эле, акылына келишпейби?

5Ал жерде аларды коркунуч басат, анткени Кудай адил адамдар менен.

6Жакырдын: «Теңир менин коргоочум», – деп ойлогонуна силер күлгөн элеңер.

7Сион тоосунан Ысрайылга куткаруу келсин! Теңир Өз элин туткундан өз жерине кайра алып келгенде, Жакып кубанат, Ысрайыл шаттанат.

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
iv>