Забур 131:1-18 KYB2004 - Bible AI

1Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңир, Дөөттү эсте, анын бардык азап-кайгысын эсте.

2Анын Теңирге кандай ант бергенин, Жакыптын Күчтүүсүнө кандай убада бергенин эсте:

3«Теңирге жай тапмайынча, Жакыптын Күчтүүсүнө турак-жай тапмайынча,

4үйүмө кирбейм, төшөгүмө жатпайм,

5көз ирмебейм, кирпик какпайм».

6Биз ал жөнүндө Эфратадан уктук, биз аны Жейарим талааларынан таптык.

7Анын турак-жайына баралы, Анын бут алдына жыгылып таазим кылалы.

8Теңир, Өзүңдүн бейпил жайыңа кудуретиңди көрсөткөн келишим сандыгың менен кел.

9Сенин ыйык кызмат кылуучуларың адилеттикти кийишет, Сенин ыйыктарың кубанышат.

10Өз кулуң Дөөт үчүн Өзүңдүн майланганыңдан жүз бурба.

11Теңир Дөөткө: «Сенин тактыңа өз тукумуңдан отургузам.

12Эгерде сенин уулдарың Менин келишимимди жана аларга үйрөтө турган мыйзамдарымды сакташса, анда алардын уулдары да түбөлүккө сенин тактыңда отурушат», – деп ант берген, аны таптакыр бузбайт.

13Анткени Теңир Сионду тандап алды, аны Өзүнө турак жай кылууну каалады.

14«Бул Менин бейпил жайым, ушул жерге жайгашам, анткени Мен ушул жерди кааладым.

15Анын тамагына батамды мол берем, анын жакырларын нанга тойгузам.

16Анын ыйык кызмат кылуучуларына куткарылуу кийгизем, анын ыйыктары кубанышат.

17Ал жерде Дөөттүн мүйүзүн кайрадан көтөрөм, Өзүмдүн майланганыма чырактан даярдадым.

18Душмандарын уятка калтырам, ал эми анын башындагы таажысы жаркырап турат».

© 2004 Institute for Bible Translation, Moscow
/div>